Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

АКШ Кыргызстандагы конституциялык тартиптин коопсуздугуна кабатырлыгын билдирди


Бишкектеги митинг. Ала-Тоо аянты. 10-октябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги митинг. Ала-Тоо аянты. 10-октябрь, 2020-жыл.

Мындай билдирүүнү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бүгүн, 13-октябрда таратты. Билдирүүдө:

«Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандагы тынчтык менен демократиялык өзгөрүүлөрдү колдойт. Толугу менен ачык көрүнүп тургандай, демократиялык процесстердин жолунда турган бөгөттөрдүн бири – уюшкан кылмыштуу топтордун саясат менен шайлоого таасир этүү аракети. Буга 4-октябрь күнү шайлоодогу добуш сатып алуу, 9-октябрда Ала Тоо аянтындагы зомбулук жана коркутуу жана ошондой эле 10-октябрдагы парламенттик жыйындагы эреже бузуу далил болуп турат», деп жазылган.

Ошондой эле Кошмо Штаттар президент Сооронбай Жээнбековдун, саясий лидерлердин, жарандык коомдун жана мыйзам талдоочу окумуштуулардын өлкөнүн саясий турмушун мыйзам жолуна кайтаруу аракетин колдой турганы жазылган. Өлкөдө уюшкан кылмыштуулук менен коррупциянын саясатка тийгизген таасирине каршы күрөштү улантуу зарыл экендиги белгиленген.

Мындан тышкары АКШ элчилигинин билдирүүсүндө: «Кыргызстандын Конституциясын аткаруу жана мыйзам үстөмдүгү башкы максат болууга тийиш. АКШ кыргыз элин колдоп, Кыргызстандын бардык кошуналарын жана эле аралык өнөктөштөрүн өлкөнүн эгемендигин урматтоого чакырат. Анткени кыргыз эли бул маселелерди чечиш үчүн зомбулуксуз жана өз алдынча иш алып барууда», деп жазылган.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүп жатат. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

10-октябрда парламенттин бир катар депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандыкта абактан тарапташтары бошоткон Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы белгилүү болгон. Андан кийин уюштурулган басма сөз жыйынында Жапаров ишке расмий киришкенин жарыялады.

Парламенттеги башка бир топ депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Буга чейин Жээнбеков абал турукташкан соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген болчу. Садыр Жапаровдун айрым тарапкерлери Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматынан кетүүгө чакырууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG