Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:24

Ишкерлер Кыргызстанда бизнес өтө оор абалга туш келгенин айтып чыгышты


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызстандык ишкерлер бизнес тармагы өтө оор абалга туш келгенин айтып чыгышты. 20дан ашуун алдыңкы бизнес-ассоциациялардын 13-октябрда тараткан кайрылуусунда ишкерлер оор абалда турганы, алардын бизнеси пандемиянын кесепетинен көп чыгаша болгону жана өлкөдөгү соңку окуялар тынчсыздантып жатканы айтылды. Кайрылууну ишкерлер саясий партиялардын лидерлерине багыттады.

Анда абал мындан ары да курчуп кетишине жол бербеш үчүн мыйзамдык нукка келип, өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга чукул чаралар көрүлүшү керек экени белгиленди.

Ишкерлер парламентти кезексиз жыйынга чогулууга, күч түзүмдөрүн элдин, жеке менчиктин жана ишкерликтин коопсуздугун камсыз кылып берүүгө жана рейдердик басып алуу, талап-тоноо аракеттерине бөгөт коюуга чакырышты.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоо ыплас өткөнүнө нааразы болгон партиялар 5-октябрда митинг уюштурушкан. Ошол түнү бийликтин негизги имаратын митингчилер басып алышкан. Бишкекте жана бир катар аймактарда башаламандык болгон. Борбор шаардын айрым жерлеринде талап-тоноо аракеттери башталган. Бир нече түн бою шаарды элдик кошуундар кайтарган. Жогорку Кеңеш эки жолу жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү абактан бошонгон мурдагы депутат Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлаганын жарыялады. Айрым депутаттар ал жыйындардын өзү мыйзамсыз өткөнүн белгилеп жатышат.

Эл аралык уюмдар өлкөдөгү конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү катары президентти тааный турганын билдирүүдө. Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун айрым тарапташтары президент Сооронбай Жээнбековдун бийликте калууга моралдык укугу жок экенин айтышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG