Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

Парламенттин чукул жыйыны фракция лидерлеринин кеңешүүсүнөн соң башталмай болду


"Ала-Арча" резиденциясынын жыйындар залы. 2020-жылдын 10-октябры.
"Ала-Арча" резиденциясынын жыйындар залы. 2020-жылдын 10-октябры.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин чукул жыйыны фракция лидерлеринин кеңешүүсүнөн кийин башталмай болду. Бул тууралуу жыйындын спикери Мыктыбек Абдылдаев билдирип, лидерлер менен өзүнчө жыйындар залына кирип кетти.

Алгач саат 11ге белгиленген жыйындын убактысы саат 16га которулган. Бирок саат 18ге чейин жыйын баштала элек болууда.

Буга чейин жыйындын күн тартибинде Бишкекке өзгөчө абал киргизүү, жаңы депутаттын ант берүүсү жана премьер-министрлик кызматка талапкерди кароо деген үч маселе бар экени айтылган. Бирок вице-спикер Аида Касымалиева 6-октябрда "Достук" мейманканасында өткөн жыйын мыйзамдуу экенин, бүгүнкү жыйында премьерликке талапкер эмес, өкмөттүн программасы жана курамы талкууланарын журналисттерге билдирди.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкекте өткөн нааразылык акцияларынан кийин анын жыйынтыгын жокко чыгарган. 6-октябрда "Достук" мейманканасында парламенттин айрым депутаттары чогулуп, Мыктыбек Абылдаевди спикер кылып шайлап, саясатчы Садыр Жапаровду премьер-министрликке сунуштаганы айтылган. Бирок бул жыйындын өзү жана кабыл алынган чечимдер канчалык мыйзамдуу экени айрым депутаттар арасында суроо жараткан.

Шайлоодон кийин Бишкекте анын жыйынтыгына нааразылардын митинги президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имаратка бастырып кирүү менен аяктаган. Имараттын ичи талкаланып, өрт чыккан. Ошондуктан парламенттин бүгүнкү жыйыны "Ала-Арча" резиденциясынын жыйындар залында өтүп жатат. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG