Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:03

Жогорку Кеңештин чукул жыйынында кворум чогулбай жатат (видео)


Жогорку Кеңештин чукул жыйынына барган депутаттар. 2020-жылдын 10-октябры.
Жогорку Кеңештин чукул жыйынына барган депутаттар. 2020-жылдын 10-октябры.

Жогорку Кеңештин чукул жыйынына азыркы убактыка карата 46 депутат келди, дагы алтоо ишеним катын жазып беришкен. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

6-октябрдагы чукул жыйында спикер болгону айтылган Мыктыбек Абдылдаев кеминде 61 депутат катышуусу зарыл экенин айтууда:

"Кворум чогулбаса, анда, албетте, парламент бийлик бутагы катары жок экени белгилүү болот".

Жыйын алгач эртең мененки саат 11де болору айтылган. Кийин саат 16га которулган. Андан бери дээрлик бир жарым саат өттү, жыйын баштала элек.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бул жараяндын жыйынтыгына нааразылардын митингинен соң саясий абал курчуп турат. 6-октябрдагы митингден кийин президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имараттын ичи талкаланган. Премьер-министр Кубатбек Боронов 9-октябрда президенттин жарлыгы менен отставкага кеткен. Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

6-октябрда "Достук" мейманканасында депутаттардын жыйыны өтүп, анда саясатчы Садыр Жапаров премьерликке сунушталганы кабарланган. Бирок бул жыйындын мыйзамдуулугунан шек саноо пайда болгон. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG