Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:27

Суваналиев Казакстандын УККнын башчысы менен сүйлөшкөнү кабарланды


Кыргызстанда күч жана укук коргоо органдарынын ишин координациялап жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Карим Масимов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, терроризм жана трансулуттук кылмыштуу топтору менен күрөшүү багытындагы кызматташтык талкууланган.

Масимов Кыргызстандын укук коргоо органдары өлкөдөгү абалды жөнгө салат деген ишенимин билдирген.

Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп 2019-жылы февралда дайындалган. Парламенттик шайлоого катышканына байланыштуу кызматынан убактылуу кетип, өлкөдө саясий кризис башталганда кызматына кайра кайтып келген.

Ал Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматы 8-октябрда түшкө чейин билдирген.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон жарандар президент жана парламент отурган имаратты ээлеп алган 6-октябрдан бери өлкөдө саясий кризис уланууда.

XS
SM
MD
LG