Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Курсан Асанов: Талап-тоноого аракет кылгандарга катуу чара көрүшүбүз керек


ИИМдин жетекчисинин милдетин аткаруучу Курсан Асанов милиция жетекчилери менен жыйын курууда. 2020-жылдын 8-октябры.
ИИМдин жетекчисинин милдетин аткаруучу Курсан Асанов милиция жетекчилери менен жыйын курууда. 2020-жылдын 8-октябры.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов милициянын ыкчам кызматтарынын жетекчилерин чогултуп, жыйын өткөрдү. ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйынга Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын, Криминалдык милиция кызматынын жана Тергөө кызматынын башчылары катышты.

Асанов «тынчтык митингине чыккан жарандарды күч менен куубай, мыйзамдуу жолго өтүшүбүз керек» деп, милициянын аймактарда иштеген жетекчилерин эч ким бошотпогонун, алар өз орундарында иштей берерин билдирди.

Ошону менен катар ал «айрым жарандар мыйзамсыз иш-аракеттерге барып, талап-тоноого аракет кылып жатышканын», андайга жол бербей, катуу чара көрүш керек экенин кошумчалады.

Ыкчам кызматтардын жетекчилерине өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге мыйзамсыз иш-аракеттерге жол бербөө боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги президенттин жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имаратка кирип баруу менен аяктаган. Имараттын ичи талкаланып, өрт чыккан. Бул окуялардан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондон бери иш ордуна бара элек, парламент жалпы жыйынга чогула албай жатат. Премьер-министрлик кызмат талашта турат. Бишкекте топтошкон адамдар тарап кете элек. (RK)

XS
SM
MD
LG