Саат 16:00гө карата Кыргызстанда бир миллион 296 миң шайлоочу добуш берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, бул каттоого алынган жалпы шайлоочулардын 36,81% түзөт.
Эң жогорку активдүүлүк Ош шаарында катталууда – 45%, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл жана Баткен облустарында - 33%.
Бишкек шаарында шайлоочулардын 36% добуш берди.
Чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктардын арасынан шайлоого 16% катышты.
Орусияда Южно-Сахалинск жана Владивосток шаарларында добуш берүү аяктады.
Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт. Саат 22:00дө кайсы партия канча добуш алганы тууралуу алгачкы расмий маалыматтар чыга баштайт. Азырынча канча шайлоочу добуш бергени гана эсептелүүдө. (RK)