Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:37

Кара-Суу шаарында добушканада кезек күткөндөр көбөйдү


Сыртта кезек күткөндө.
Сыртта кезек күткөндө.

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы №5268 шайлоо участогунун сыртында добуш бериш үчүн кезек күткөндөр көбөйдү. «Азаттыктын» кабарчысынын маалыматына ылайык, ар бир добуш берүүчүнү бирден текшерип киргизип жатышкандыктан, кишилер улам көбөйүп жатат. Участоктун төрайымы Замирахан Амирбекова «Азаттыкка» «бир да мүнөт эс албай иштеп жатабыз» деди.

Бул добушканада каттоодо 1915 шайлоочу турат. Кара-Суу шаары боюнча жалпысынан алты добушкана иштеп жатат.

Шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар ачылды. (ErN/BCh)

XS
SM
MD
LG