Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:53

ТИМ: Чет өлкөлөрдө 535 кыргызстандык добуш берди


Бишкектеги добушканалардын бири. 4-октябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги добушканалардын бири. 4-октябрь, 2020-жыл.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 4-октябрдагы брифингде эртең мененки саат тогузга карата алынган маалымат боюнча чет мамлекеттерде 535 кыргызстандык добуш бергенин билдирди.

Анын айтымында, адегенде Түштүк Сахалинде 20 шайлоо участогу ачылып, 118 киши добуш берди. Якутияда 86, Красноярскиде 35, Алматыда 42, Жапонияда 15, Кытайда 10, Малайзияда беш жаран добуш берди. Добуш берүү баарынан кеч Вашингтондо башталат.

Министрдин айтымында, чет өлкөлөрдө 32 602 шайлоочу бар. Алар үчүн 45 шайлоо участогунда добушканалар иштеп жатат.

2015-жылкы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 36 шайлоо участогу иштеген.

Кыргызстанда учурда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды.

Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда. Соңку тактоо боюнча Кыргызстанда добуш берүүгө укуктуу 3 523 554 шайлоочу бар. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. Добуш берүү участокторунда 31 483 адам иштей турганы кабарланган. Жалпы өлкөдө 2 430 добуш берүү участогу уюштурулган.

XS
SM
MD
LG