Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Шайлоону техникалык колдоо үчүн call-борбор иштеп жатат


Шайлоо күнү.
Шайлоо күнү.

Добуш берүү күнү Өкмөт Үйүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору иштеп жатат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн сайты жазды. Шайлоо күнүндө болуп жаткан мыйзамсыз көрүнүштөр, электр жарыгынын өчүшү, Интернеттин жетпей калганы же беткаптардын тартыштыгы болсо добуш берүүчүлөр бул борборго чалып, маалымат ала алышат.

Ишеним номурлар азырынча Бишкекте эле иштөөдө. Төмөндөгү номурлар маалыматтарды кабыл алат: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Анда 16 партия ат салышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG