Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Шайлоо-2020: Бардык партияларга каршы добуш берүүгө үндөгөн акция жүрүүдө


«Баарына каршы!» акциясынын катышуучулары Бишкектин көчөлөрүн кыдырууда. 2020-жылдын 30-сентябры.
«Баарына каршы!» акциясынын катышуучулары Бишкектин көчөлөрүн кыдырууда. 2020-жылдын 30-сентябры.

Бишкекте парламенттик шайлоо күнү бардык талапкер партияларга каршы добуш берүүгө үндөгөн акция жүрүп жатат. Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева баштаган жарандык активисттер тобу, 2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучулары жана «Жашылдар партиясынын» өкүлдөрү баарына каршы добуш берүүгө үндөп, баш калаанын көчөлөрүн кыдырып жатышат.

Үмөталиева 30-сентябрда «Азаттыкка» билдиргендей, талапкерлердин тизмеси жана добуш берүүнү техникалык жактан уюштуруу жагы ишеним жаратпагандыктан, ушундай акция уюштурулууда.

«Талапкерлердин алдыңкы тизмесиндегилердин 300гө жакыны - коррупция үчүн соттолгондор же сот иши барлар, - деп түшүндүрдү ал. - Айыппулун төлөп коюп эле шайлоого чыгып кетиш оңой болуп калды. Экинчиден, добуш берүү процессин жөнгө салуучу аппараттардын лицензиясы жок экен. Баарына каршы добуш берүүгө үндөп, шаарды кыдырып жатабыз».

«Баарына каршы!» акциясынын катышуучулары.
«Баарына каршы!» акциясынын катышуучулары.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 мандат үчүн 16 саясий партиядан эки миңдей талапкер ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) иши тергелип жаткан жана соттуулугу жоюлганы боюнча маалыматы жок 50дөн ашык талапкерди парламенттик жарышка коё берген. Мекеме алар боюнча сот чечими чыкса тизмеден чыгарыларын эскерткен. Бул жагдай коомчулукта кызуу талкуу жараткан. (AiN/RK)

XS
SM
MD
LG