Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Студенттер менен ординаторлор коронавируска каршы күрөшкө тартылышы мүмкүн


Бишкектеги Медициналык академиянын имараты.
Бишкектеги Медициналык академиянын имараты.

Кыргызстанда COVID-19дун экинчи толкуну болуп, дарыгерлер жетишпей калса медициналык тармакта билим алып жаткан жогорку курстардын студенттери менен ординаторлору ишке тартылышы ыктымал. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын макулдугу менен министрликтин тиешелүү буйругу чыккан.

Буга чейин парламенттин депутаты Дастан Бекешев Саламаттык сактоо министрлиги медициналык факультеттердин студенттери менен ординаторлорунун жеке маалыматтарын тез арада берүүнү талап кылып жатканын «Твиттердеги» баракчасына жазган. Алардын персоналдык идентификациялык номерин (пин) да сурап жатканын айтып, муну мыйзамсыз деп сыпаттаган.

Министрликтин Медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова студенттер менен ординаторлор медкызматкерлер жетишпеген учурда гана ишке тартыларын, ар кандай күтүлбөгөн кырдаалга даяр туруш үчүн аларды окутуу тууралуу чечим кабыл алынганын айтты. Ал дарыгерлер жана даярдык жетиштүү экенин кошумчалады.

Мекеменин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун буйругу 22-сентябрда чыккан. Анда Кыргызстандагы медициналык билим берүү жана илим мекемелеринин баары менчик же мамлекеттик экенине карабай, кадрлар резервине кошуу үчүн бир күн ичинде 4-5-6-курстардын студенттери менен ординаторлорунун тизмесин бериши керек экендиги жазылган. Алар өздөрүнүн макулдугу менен коронавируска каршы күрөштө аймактарга бөлүштүрүлүшү мүмкүн экени белгиленген.

Быйыл июнь-июль айларында коронавирус эпидемиясы күчөгөндө көптөгөн ооруканаларда дары-дармек, медицина кызматкерлери, алардын коргонуучу кийимдери, ооруканада орундар жетишсиз экени жана саламаттык сактоо тармагындагы бир катар кыйынчылыктар ачыкка чыккан. Вируска каршы күрөшкө медициналык окуу жайларынын студенттери, ыктыярчылар тартылган. (NT)

XS
SM
MD
LG