Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Жабыркаган кыргыз мигранттары боюнча Орусиянын Акыйкатчысына кат жөнөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Токон Мамытов Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москальковадан Ступино районундагы кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктарга жардам берүү маселесин жеке көзөмөлүнө алууну өтүндү.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Мамытов кырсыкка кабылган кыргыз мигранттарына укуктук жардам берүү жана аларга социалдык төлөм чегерүү жагына көңүл бурууну суранып, окуянын чоо-жайын терең иликтөө, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана жабыркагандарга тийиштүү компенсация төлөп берүү маселесин да козгоду.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 29-сентябрда «Азаттыкка» кабарлагандай, оор жараат алган эки мигранттын абалы туруктуу.

27-сентябрда Москва облусунун Ступино районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишкананын ичинде жумушчулар жөө каттаган көпүрө кулап, анда иштеген кыргызстандык жарандар жабыркаган. Ооруканага 21и жаткырылган, алардын экөөнүн абалы оор экени айтылган. Каза болгондор жок.

Бийиктиги төрт, узундугу 35 метр келген көпүрө адамдар өтүп бара жатканда кулаган.

Ишканада Кыргызстандын 169 жараны иштеп жатканы, алардын эч кимисинде медициналык жана башка камсыздандыруусу болбогону жана Москванын тергөө комитети «Эмгек талаптарынын бузулушу» деген берене боюнча кылмыш ишин козгогону кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG