Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:16

Президент Сооронбай Жээнбеков «бийликчил» деп аталып жаткан партиялар тууралуу үн катты


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда КТРКнын «Биринчи радиосуна» курган кезектеги маегинде бир катар суроолорго жооп берди.

Анын ичинде келе жаткан парламенттик шайлоого байланыштуу да ойлорун айтты. Журналисттин «бийликчил партия, оппозициячыл партия» деп берилип жаткан мүнөздөмөлөр жөнүндөгү суроосуна мамлекет башчы бул башка өлкөлөрдө нормалдуу көрүнүш экенин айтты.

«Партиялык системасы өнүгүп, парламенттик демократия жолуна көп жылдар мурун түшкөн өлкөлөрдө, сиз айткандай, бийликчил партия деп ачык айтышып, ачык күрөшөт. Бийликке болгон күрөштө жеңип келүүгө болгон аракетин жумшап, өлкө өнүгүүсү үчүн мына биз алабыз деп жоопкерчиликти алат. Бизде да бара-бара партиялык система өнүгүп, партиялардын ачык-айкын программасы, лидерлери, мүчөлөрү такшалып, ошол тажрыйбага жетебиз деп ойлойм. Айтайын дегеним, эл аралык тажрыйбада бийликчил партия деген түшүнүктүн жаман жагы жок. Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган программа, долбоорлорду бийлик парламенттин колдоосу жок жылдыра албайт. Ошондуктан, бул туура эле түшүнүк. Тилекке каршы, биздин өлкөдө бийликке байланыштуу түшүнүктөр эл тарабынан негативдик маанайда кабылданып калган. Ошондуктан, биз бийликке болгон ишенимди, элдин сый мамилесин кайтарышыбыз керек. Албетте, буга жылдар керек, көп эмгек керек», - деди ал.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Жогорку Кеңешке бир нече партия өтүп келсе, максатка ылайык болорун кошумчалады.

«Ал эми азыркы кырдаалдан алып караганда, ар бир партияда мамлекетчил позициясы күчтүү уул-кыздарыбыз бар, жок эмес. Парламенттин табияты ошондой. Сындашат, айрымдары популисттикке алдырышат. Бирок, мамлекет үчүн, эл үчүн маанилүү маселе жаралганда, турмуш көрсөткөндөй, бардыгы эле өздөрүнүн мамлекетчил позициясын көрсөтүшөт. Биригишет. Мен ишенем, буйруса, келе турган парламентте деле ошондой болот деп үмүттөнөм, ишенем. Анткени баары эле өзүбүздүн уул-кыздарыбыз да. Талаша турган эч нерсе жок. Мамлекетчил депутаттарыбыз көп болот деген менин терең ишеничим бар. Мен «тигил, бул» деп партияларды атаганым туура эмес болуп калат, ачык үгүттөө болуп калат, аны билесиз. Бирок, парламентке 5-6 партиянын келишин каалайт элем деп айтат элем. Эмне үчүн дегенде бул өлкө үчүн керек, туруктуулук үчүн керек. Ошол үчүн 9 пайыз эмес, 7 пайыздык босогону колдогонумдун негизги себеби дал ушул болгон — парламентке канчалык көп партия келе алса, бул өлкө үчүн утуш болот. Бул эми элибиздин колунда. Элибиз, биздин шайлоочуларыбыз кандай добуш берсе, ошондой жыйынтык болот. Биз ачык-айкын, таза шайлоону, буйруса, өткөрүп беребиз», - деди президент.

Сооронбай Жээнбеков аптанын ишемби күндөрү КТРКнын «Биринчи радиосунун» суроолоруна жооп берүү тажрыйбасын 18-июлда баштаган. Жалпы 11 жолу маек курду.

Соңку саясий жарышта коомчулукта «Биримдик», «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан» жана «Замандаш» партиялары «бийликчил» деп аталып жатат. Бул партиялардын лидерлери жана мүчөлөрү ар кайсы платформаларда муну төгүнгө чыгарышкан.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага жалпы 16 партия ат салышууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG