Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Сузакта элдин акчасына бейтапкана ачылды


Сузакта эски лицейдин имараты 15 миллион сомго оңдолуп, аймактык оорукананын жугуштуу илдеттерди дарылоо бөлүмүнө айландырылды.

Райондун акими Эрмекбай Омошевдин айтымында, ага элден жана ишкерлерден акчалай бир миллион 700 сом чогултулду. Калган суммага ылайыктуу курулуш материалдары берилди, бюджеттен акча коротулган жок.

№36 лицейдин беш кабаттуу жатаканасын жугуштуу ооруларды дарылоо бөлүмүнө айлантуу боюнча демилге Кыргызстанда коронавирус илдети күчөгөн жай айларында көтөрүлгөн.

Бөлүмгө 250 керебет коюлду, ал дагы толукталмакчы. Жергиликтүү бийлик жакын арада медициналык жабдуу жайгаштырыларын билдирди.

Кыргызстанда коронавирус илдети алгач жолу Сузак районунда катталган. (TB\SE)

XS
SM
MD
LG