Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

COVID-19: Коронавирус дагы 88 кишиден жаңы табылды


Бишкек, 25-май, 2020-жыл.
Бишкек, 25-май, 2020-жыл.

Кыргызстанда 23-сентябрга карата 88 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 108и айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Жаңы катталган учурлар:

  • Баткен облусу – 29;
  • Ош облусу - 24;
  • Бишкек шаары - 9;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Чүй облусу - 8;
  • Ысык-Көл облусу - 5;
  • Ош шаары - 1;
  • Талас облусу - 3.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 630 ​кишиге жетти. Алардын 41 904ү сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Бейтап болгондордун 3 208 медицина кызматкерлери. Алардын 2 874ү сакайды. Жетимиштен ашууну көз жумду.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 23-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 31 миллион 500дөн ашты. Алардын 969 миңдейи көз жумду, 21 миллион 600 миңдей бейтап айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер:

АКШ - 6 895 685;

Индия - 5 562 663;

Бразилия - 4 558 040;

Орусия - 1 111 157.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG