Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Казакстанда куш тумоосунан 100 миңден ашык канаттуу өлдү


Казакстандын Айыл чарба министрлиги өлкөнүн дагы үч облусунда куш тумоосу катталып, үй канаттуулары жапырт кырылып жатканын билдирди. Расмий маалыматтар боюнча чарбаларда кеминде 100 миң канаттуу өлдү.

Бийлик ветеринардык кызматтар бардык зарыл чараларды көрүп жатышканын билдирүүдө. Куш тумоосу катталган облустарда карантин жарыяланып, район аралык каттамдарга чектөөлөр киргизилди. Мындан тышкары райондордун кире бериштерине блокпосттор коюлуп, ветеринардык адистер нөөмөттө турушат.

Өлкөнүн Товарлар менен кызматтардын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө комитетинин башчысы Тимур Султангазиев мындай деди:

«Бул илдет адамдар үчүн коркунуч жаратпайт. Ал адамдан адамга жукпайт. Канаттуунун этин же жумурткасын жегенде жуккан фактылар жок. Сейрек учурларда гана ооруган же өлгөн канаттуу менен түздөн-түз байланышта болгон адамдарга жугат».

Бирок эпидемиолог-дарыгер Рафаил Кипшакбаевдин айтымында, вирус акыркы кездери мутация болгондуктан, адам ооруну канаттуулардын этин жегенде гана эмес, башка адамдардан да жугузуп алышы мүмкүн.

«Алгач куш тумоосу адамдан адамга жукпайт деп эсептелген. Бирок акыркы маалыматтар боюнча вирус мутация болгон, эми ал адамдан адамга жугушу мүмкүн. Ошондуктан азыр катуу көзөмөл керек», - деди Кипшакбаев.

Айыл чарба министрлиги өлгөн канаттуулар үчүн фермерлерге базардагы орточо баа менен компенсация төлөнүп берилерин билдирген. Куш тумоосу аныкталган аймактарга адистер жөнөтүлүп, илдеттин жайылышын токтотуу иштери жүргүзүлүдө. Бүгүнкү күндө аларга бир жарым миллион даана вакцина берилди. Бул дээрлик беш миллион канаттууну эмдөөгө жетет.

XS
SM
MD
LG