Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Кыргызстандын кен байлыктарын «Росгеология» изилдейт


Кыргызстандагы ири алтын кендеринин бири - Жерүй алтын кени. Апрель, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы ири алтын кендеринин бири - Жерүй алтын кени. Апрель, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын 22-жыйынында бир катар эки тараптуу долбоорлорго кол коюлду. Бул тууралуу 22-сентябрда жыйындан кийинки брифингде Кыргызстандын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди:

«Өкмөт аралык комиссиянын жыйынында бир катар эки тараптуу долбоорлорго жетиштик. Алар: энергетика жаатында Кыргызстандын «Электр станциялары» ишканасы менен Орусиянын «ИнтерРАО» ишканасынын кызматташтык келишими. Ошондой эле күндөн энергия алуучу батарейкалардын пластинкаларын биргелешип өндүрүү боюнча долбоорго кол коюлду. Мындан тышкары Кыргызстандагы кен байлыктарды изилдөө «Росгеология» ишканасы менен макулдашылды».

Асрандиевдин сөзүнө караганда, кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйынында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык багытта кызматташуу маселелери каралды. Ошондой эле Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Орусиянын «Роспотребнадзор» ишканасы пульмонология илим изилдөө институтун түзүүнү сүйлөштү.

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда эки өлкөнүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыгы боюнча маселелер каралып, соңунда бир катар документтерге кол коюлду. Орусиялык делегацияны вице-премьер-министр Алексей Оверчук жетектеп келген.

Бул иш-чара - коронавирус пандемиясынан кийинки Кыргызстанда өткөрүлгөн эл аралык мүнөздөгү алгачкы иш-чара. (ZKo)

XS
SM
MD
LG