Ички иштер министрлигинин Чүй жана Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктары Жалал-Абад шаарынан мурда бир нече жолу соттолгон, милицияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган 28 жаштагы кишини чогуу кармашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Кармалган жарандын жанынан тапанча жана бейсбол союлу табылган. Шектүү 16-сентябрда уурулук боюнча милицияга түшкөн ыкчам маалыматтарды текшерүү учурунда кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Буга чейин ар кандай кылмыштар үчүн шектүү катары 16-сентябрда Жалал-Абадда бир, Бишкекте үч уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганы кабарланган.
ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч кылмыштуу топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган. (TSh)