Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:04

Жаңжалдан улам Араван райондук милиция бөлүмүнүн башчысы иштен алынды


Араванда коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Сактан Исмаилов иштен алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, дагы бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартыларын билдирди.

Министрлик шайлоо үгүтү учурунда чагымчыл аракет кылгандарга, уруш чыгаргандарга, коомдук тартипти бузгандарга кескин чара көрүлөрүн эскертти.

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат менен ооруканага түштү. Бирөөнүн абалы оор экенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев маалымдады.

Жаңжалда беш автоунаа талкаланган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө.

Жаңжал «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылып, кийинчерээк эки партия тең муну «чагым» деп сыпаттаган билдирүү таратышкан.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжалды тез арада иликтөөнү Ички иштер министрлигинин жетекчилигине тапшырды. (SE)

XS
SM
MD
LG