Тегерандагы Эвин түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан ирандык укук коргоочу Насрин Сотуде жүрөк оорусунан улам ооруканага которулганын жолдошу Реза Хандан билдирди. Анын сөзү боюнча, Сотуде коронавирус пандемиясынын шартында Ирандагы саясий туткундар абакта туш болуп жаткан тобокелдиктерге нааразы болуп 11-августта ачкачылык жарыялаган.
Реза Хандан жубайынын жүрөгү ооруп, деми кыстыгып жатканын, оор абалда кардиология бөлүмүнө жаткырылганын жазды.
Сотуде буга чейин коронавирус жайылуу коркунучуна карабай саясий туткундар түрмөдөн бошотулбай жаткандыктан тамак-аштан баш тартарын билдирген. Абактын кызматкерлери илдеттин жайылышын алдын алуу үчүн өлкө боюнча он миңдеген адамдар эркиндикке чыгарылганын кабарлашкан.
Расмий маалыматка ылайык, Иранда коронавирустан 24 миңден ашык киши каза болуп, илдет 400 миңден ашык адамга жукту.
Насрин Сотуде саясий негизде камалгандарды, анын ичинде хижаб кийүүгө каршы чыккандарды коргогону үчүн 2018-жылдын июнунда камакка алынган. Ага 38 жыл, алты ай абак жана 148 балак уруу жазасы чегерилген.
Укук коргоочу өлкөдөгү сөз эркиндиги, адам укуктары үчүн күрөшүп, ага чейин да бийликтин куугунтугуна кабылып келген. 2012-жылы Сотуде Европарламенттин Сахаров сыйлыгын алган.