Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

Башкы прокуратура: Чолпонбаев мамлекетке 65 млн. сомдук зыян келтирген келишим боюнча шек саналууда


Космосбек Чолпонбаев.
Космосбек Чолпонбаев.

Башкы прокуратура мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен каралган кылмыш иши боюнча шек саналып жатканын маалымдады.

«Космосбек Чолпонбаев кызмат абалынан пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзгөн. Натыйжада мамлекеттик бюджет 65 млн. сомдук зыян тарткан», деп жазылган маалыматта.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен 15-ноябрга чейин камалды. Райондук соттун 17-сентябрдагы чечимине ылайык, Чоппонбаев бул аралыкта Бишкектеги №1 тергөө абагында болот.

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев 15-сентябрда кармалган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) ал «Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын маалымдаган.

Финполдун Тергөө башкармалыгы март айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында экс-министр Чолпонбаевди 6-июлда суракка чакырган.

Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган. Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.

Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоо министри болуп 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. 2020-жылдын 1-апрелинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Кыргызстанда коронавирус илдети 18-мартта катталган. 17-сентябрга карата бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 45 миңден, ал эми оорудан көз жумган адамдардын саны миңден ашты. Коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандардын көбү июнь-июль айларына туура келет. Кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү пандемиянын Кыргызстанга алып келген мындай оор кесепети үчүн Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген мурдагы өкмөттү да күнөөлөп келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG