Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Казакстандын түндүгүндө куш тумоосунан үй канаттуулары кырылып жатат


Куш тумоосунан өлгөн канаттууларды өрттөө учуру. Түндүк Казакстан аймагы. 17-сентябрь, 2020-жыл.
Куш тумоосунан өлгөн канаттууларды өрттөө учуру. Түндүк Казакстан аймагы. 17-сентябрь, 2020-жыл.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги өлкөнүн Түндүк-Казакстан облусунда жогорку патогендүү куш тумоосу жайылып жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 9-сентябрдан 16-сентябрга чейин Түндүк-Казакстан облусундагы жети райондо үй канаттуулары жапырт кырылганы катталган.

Мекеменин билдирүүсүндө «улуттук референт борбору массалык өлүмгө патогендүү куш тумоосу себеп болгонун аныктады. Кабыл алынган эрежелерге ылайык, Казакстан бул тууралуу Жаныбарлардын саламаттыгын сактоонун дүйнөлүк уюмуна кабар берди» деп жазылган.

Маалыматка караганда, ушу тапта аймакка вакцина жеткирилди. Облуста дезинфекция иштери башталып, өлгөн канаттуулар жок кылынууда. 17-сентябрдан тартып аймактан канаттуулардын этин, жумурткасын чыгарууга тыюу салынды. Бийлик өлгөн канаттуулардын ээсине компенсация төлөп берерин билдирди.

«Республикалык бюджеттин эсебинен фермерлерге компенсация берилет. Бул үчүн атайын комиссия түзүлүп, канаттуулардын базардагы орточо баасына ылайык акча төлөнөт», - деди облустук акимчиликтин өкүлү.

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык көзөмөл комитети облустун жети районундагы калктуу конуштарда карантин режими киргизилгенин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, карантин тумоонун акыркы учуру катталгандан кийин үч жумадан соң алынат.

Өткөн жумада айрым басылмалар Түндүк-Казакстан облусундагы үч райондо үй канаттуулары жапырт кырылып жатканын кабарлашкан. 26-августта Казакстан Орусиянын Омск облусунда куш тумоосу катталгандыктан, ал жактан канаттуулардын этин алып келүүгө тыюу салган.

Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, тумоо райондордун жарымында катталып, дагы эле жайылууда.

XS
SM
MD
LG