Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Казакстанда башкы санитардык дарыгер кайрадан алмашты


Ерлан Киясов.
Ерлан Киясов.

Казакстанда саламаттык сактоо министринин орун басары Ерлан Киясов өлкөнүн башкы санитардык дарыгери болуп дайындалды. Бул тууралуу расмий билдирүү казак өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Ушуну менен Казакстанда санитардык дарыгер экинчи жолу алмашты. Быйыл май айында бул кызматта иштеп келген Жандарбек Бекшин иштен кетүү тууралуу арыз жазып, анын ордуна Айжан Есмагамбетова дайындалган.

47 жаштагы Киясов 1990-жылдардын башында Алматыдагы тез жардам кызматынын реанимация бөлүмүндө санитардык дарыгер, андан кийин аба транспортунун санитардык-эпидемиологиялык станциясында эпидемиолог-дарыгер болуп эмгектенген. 1999-жылдан бери президенттик администрациянын медициналык борборунда санитардык дарыгер болуп иштеп келген.

Казакстанда коронавирус пандемиясы күчөп, илдетке чалдыккандардын кескин көбөйүшү менен өлкөнүн саламаттык сактоо системасында бир топ өзгөрүүлөр болду. Ооруканаларда орундар жетишпей, дары-дармек тартыш болуп жатканда саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов кызматтан кетип, анын ордуна Алексей Цой дайындалган.

Кийинчерээк өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев май айында карантиндик чектөөлөр алынгандан кийинки бейтаптардын кескин көбөйүп кеткендиги үчүн жоопкерчиликти мекеменин «мурдагы жетекчилигине» жүктөгөн.

Казакстанда эпидемия башталгандан бери коронавирус инфекциясын жугузуп алганы ырасталган жана өпкөсү кагынган адамдардын жалпы саны 137 миңден ашты. Эки миңден ашуун киши кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG