Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:31

Шайлоо-2020: Сурамжылоого катышкандардын 75% добуш бергени барарын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоого карата сурамжылоо жүргүзүп, ага катышкандардын 75% шайлоо күнү добуш бергени бара турганын аныктады. Бул тууралуу фонд 17-сентябрда өткөргөн басма сөз жыйынында жарыялады.

Сурамжылоого катышкандардын 60% коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал кандай болсо да баары бир шайлоого барарын билдирген.

Коомдук фонддун 21-августтан 4-сентябрга чейин өткөргөн сурамжылоосуна 18 жаштан улуу курактагы 1202 респондент телефон аркылуу катышты.

Бул иш-чара элдин шайлоого жана ага катышып жаткан саясий партияларга карата ой-пикирин, көйгөйлөрүн билүү максатында уюштурулган.

Суроолорго жооп бергендердин 55% өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерсе болору тууралуу кабары жок экенин айткан. Ал эми 65% добуш сатып алууну эң кооптуу жагдай катары мүнөздөгөн.

16-сентябрга карата Кыргызстанда шайлоочулардын тизмесине үч миллион 429 миң адам кирди. Участкалык шайлоо комиссияларынын саны 2 462. Жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. 120 орунга 16 партиядан эки миңдей талапкер ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG