Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:37

Кара-Кечедеги кырсык кендеги тартипти эске салды


Көчкү жүргөн жер. Жумгал. 2020-жылдын 14-сентябры.
Көчкү жүргөн жер. Жумгал. 2020-жылдын 14-сентябры.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 14-сентябрда саат 12:00 чамасында кулаган көчкү Кара-Кече суусун бөгөп, электр мамыларын жана зымдарын зыянга учуратып, болжол менен 500-600 метр жолду жаап калды.

Мамлекеттик мекемелер көчкү азыр да токтобой, жер кыртышы акырындык менен жылып жатканын билдирүүдө.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматкери Жийде Зоотбекова көчкү астында калган жол бир жума ичинде тазалана турганын маалымдады.

«Премьер-министр Кубатбек Бороновдун буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн. Алар кырсык катталган Жумгал районуна жөнөп кетишти. Комиссия жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү ишин жүргүзүп, кырсыктын кесепеттерин жоюу максатында иш алып барууда».

Транспорт жана жолдор министрлиги Кара-Кече кени менен байланышты үзбөө үчүн узундугу 3,5 чакырымга созулган айланып өтүүчү жолдун курулушуна Ат-Башы районунан, Ысык-Көл жана Талас облусунан техника тартылганын билдирди. Алар жаңы жол канча убакыт ичинде ишке берилерин ачык айтышкан жок.

Жаратылышка болгон мамиле кырсыктын себебиби?

Кара-Кечеде жер кыртышынын жылышы акыркы бир айда экинчи ирет болуп отурат. 17-августта да Дыйкан - Кара-Кече жолуна таш кулап, көмүр кенине алып барган жол жабылып калган.

Анда жолду басып калган кыртыштын көлөмү 300 миң куб метр деп айтылган. Тиешелүү кызматтар жолду тазалап, Кара-Кече менен болгон автоунаа байланышын 14 күндөн кийин калыбына келтирген. Азыр болсо жылган кыртыштын жалпы көлөмү 2 млн. метр кубга чамалуу деп эсептелүүдө.

Тоонун экинчи жолу көчүшүнө күбө болгон жергиликтүү тургун Муктарбек уулу Бекжан буларды айтты:

«Дыйкан – Кара-Кече жолунда көчкү жүрө турганы мурда эле белгилүү болгон. Анткени Байзак айылынын чабандары көчүп кеткен тоонун үстүндө бир жарым метрлик жарака пайда болгонун айтып жүрүшчү. Андан бир ай өтпөй эле катары менен эки жолу жер көчтү. Негизи эле ошол жерден байма-бай таш кулап турчу».

Тоо көчкү Дыйкан – Кара-Кече жолунун 37-чакырымында жүргөн. Кырсык болгон жер көмүр казылып жаткан аймактан эки-үч чакырым алыс жайгашканы айтылып жатат.

Экологдор кырсыкты айлана-чөйрөгө болгон мамиленин жыйынтыгы деп эсептейт. Эксперт Динара Кутманованын пикири мындай:

Динара Кутманова
Динара Кутманова

«Жер көчкү карьерден канча алыс жүрбөсүн Кара-Кеченин экосистемасы бир да. Жаратылыш бири-бири менен тыгыз байланышта. Көчкү сөзсүз эле көмүр казылып жаткан жерден жүрө бербейт. Бир гана Кара-Кечеде эмес, Кыргызстандын бардык кен казган жеринде экологиялык нормалар сакталбайт. Буга мамлекеттин начар көзөмөлү себеп болууда. Мен билгенден Кара-Кечеде көмүрдү туш келген жерден чукуп каза беришет. Мындан тышкары жер кыртышын кайра калыбына келтирүү иштери да жүргүзүлбөйт».

Кара алтындын мекени болгон Жумгал районунда көмүрдүн кору 243 млн. 588 миң тонна экени айтылып келет. Ал эми Кара-Кеченин өзүндө эле 42 млн. тонна көмүр бар. Аны «Кара-Кече», «Шарбон», «Ак-Жол», «Демилге» жана «Бурана Плюс» деген беш компания иштетет. Булардын ичинен «Кара-Кечеден» башкасы жеке менчик ишканалар.

Жумгалдагы көмүр кендеринен Бишкек Жылуулук электр борборуна жылына эле 700 миң тонна көмүр ташылат. «Улутттук энергохолдинг» компаниясынын маалыматына ылайык, Бишкек ЖЭБине жылына бир млн. 110 миң тонна көмүр керектелет.

Кара-Кечедеги криминалдынтаасири

Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жетишсиз болуп, криминалдык топтордун таасири күчтүү экени бир канча жылдан бери айтылып келет. Көмүр кенинде соңку жолу октун үнү 28-августта жаңырып, андан «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу жабыркаган.

Тартип сакчылары окуя болгон жерге барганда автоунаанын сол жактагы айнеги сынып, дөңгөлөгүндө октун издери болгон. Жабыркаганы айтылып жаткан айдоочу менен чогуу бир фирмада көмүр ташып иштеген Канат Асанкулов аттуу адам мындай деди:

«Медициналык беткап тагынып алгандар айдоочуну «көмүр ташып, жолду талкалап жатасыңар» деп коркутушкан. Айдоочу аларды тааный албай калган экен. Ал машинесин айдай качканда таш менен айнектерин күбүп салышкан. Мылтык менен эки жолу атышкан. Айдоочунун колун айнек сыныктары тилип кеткени болбосо олуттуу жараат алган жок. Азыр анын акыбалы жакшы. Мындай келишпестиктер мурда да болгон. Бирок ок атканга чейин барган учур болгон эмес».

Көмүр кенинде криминалдык топтордун арасында ок атышуулар катталып турат. 2019-жылы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору да белгисиз адамдар тарабынан сабалган.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев Кара-Кечеде мамлекеттин таасирине караганда криминалдын салмагы күчтүү экенин айтып жатат.

Расул Умбеталиев
Расул Умбеталиев

«Кара-Кечеде көмүр өндүргөн ар бир компанияда криминалдык топтордун таасири бар. Аларга укук коргоо органдарынын да күчү жетпейт. Катардагы айдоочулар кезекте эки-үч күн турса, «каралар» каалаган учурда көмүрүн жүктөп кете берет. Аларга жергиликтүү тургундар дагы байланыштуу. Мамлекет Кара-Кечени 30 жылдан бери бир нече жолу тартипке келтиргенге аракет кылды. Бирок азырынча майнап чыга элек».

Кара-Кеченин саясатын жүргүзгөн «Кыргызкөмүр» ишканасы криминалдык топтордун таасири басаңдай түшкөнүн билдирүүдө. Алар көмүр кениндеги өзгөрүүлөрдү тизмектеп жатышат.

«Кара-Кечедеги көмүр кенде 24 камера, чоң техникаларга GPS чиптер орнотулган. Ал жердеги ар бир кыймыл күнү-түнү камерага тартылып турат. Ал жерден Кара-Кечедеги жалпы абалды, машиналардын кезегин көзөмөлдөп турабыз. Эгерде кандайдыр бир чыр чыга турган болсо камерадагы материалдар боюнча иликтенип жатат».

Деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте жайгашкан Кара-Кече көмүр кени 1913-жылы ачылган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG