Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:19

"Кыргызкөмүр" Кара-Кечедеги ишин көрсөтөт


Кара-Кече көмүр кени.
Кара-Кече көмүр кени.

“Кыргызкөмүр” ишканасы бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Кара-Кече көмүр кенинде жүрүп жаткан иштер менен тааныштырат.

Шаршемби күнү өкмөт кышка даярдыкты талкуулаганда Бишкек ТЭЦине 240 миң тонна көмүр ташылып келингени айтылган, анын 75% Кыргызстанда өндүрүлгөн.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин алдында иш алып барат. Ал 2012-жылы түзүлгөн жана бюджеттен каржыланган мекеме-уюмдарды, элди таш көмүр менен камсыздайт. Жыл сайын 350 миң тонна көмүр өндүрөт.

Ишкана Нарындын Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде көмүр казуу лицензиясына ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG