Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Жапайы урууларды иликтеген окумуштуу Риели Францискато аборигендин жаасынын огунан набыт болду


Амазон токойу.
Амазон токойу.

Бразилияда жапайы урууларды иликтеген окумуштуу Риели Францискато аборигендин жаасынын огунан набыт болду. Сырткы дүйнө менен байланышы жок жашаган белгисиз уруунун өкүлү аны жаа менен жүрөк тушка аткан.

Би-Би-Си маалымдагандай, окуя өткөн шаршембиде Амазон токойлорунда болгон. Полиция кызматкерлери менен чогуу бара жаткан Риели Францискато жапайы уруунун өкүлдөрүнө жакын барууга аракет кылган. Тигилер жаа менен каршы алышкан. Полиция кызматкерлери машинеге корголоого жетишкен, Францискатого жебе тийген.

Коштоочулардын биринин айтуусунда, Риели көкүрөгүнө сайылган жебени жулуп алып, 50 метрдей чуркап барган. Кулап калган окумуштуу ооруканада көз жумган.

Риели Францискато 56 жашта болгон. Ал Бразилиянын Улуттук индеецтер фондунун кызматкери. Аймактагы тышкы дүйнөдөн сырт жашаган жапайы уруулардын жашоосун иликтеген жана аларды коргоо жаатында иштеген. Кесиптештери аборигендер окумуштуунун жанында куралчан полиция кызматкерлери болгону үчүн ок атышы ыктымал экенин айтышууда.

Бразилиялык фотожурналист Габриэл Учида аймакта бул уруунун өкүлдөрүн мурда да көрүшкөнүн, бирок кол салуу болбогонун билдирди. «Бул жолу куралчан топ экен, демек, аларды өч алууга бир нерсе түрткөн»,- деди журналист.

«Survival International» уюмунун укук коргоочулары муну Амазондогу токойлордун кыйылышы, алтын өндүрүү аракеттери менен байланыштырган.

«Бул индеецтердин тынч жашоосун бузат, алар «тышкы дүйнөдөн» келген адамдардын кимиси дос, кимиси кас экенин билишпейт. Адатта полиция кызматкерлери менен токой кыюучулар, алтын өндүрүүчүлөр же фермерлер барышат», деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Мурдараак Бразилиянын президенти Жаир Болсонару аз сандагы аборигендер үчүн Амазондун жери көптүк кыларын белгилеген. Ал индеецтердин урууларын элге аралаштырып, жерин иштетиш керек деп эсептейт. Болсонару Амазондун жаратылышын коргоо макамын өзгөртүүнү көздөгөнү менен белгилүү. Ал ошондой эле маркум Риели Францискато иштеген Улуттук индеецтер фондун жок кыларын, уюмдун изилдөө ишмердүүлүгү президенттик пландарына бут тосуп жатканын айтып, опузалаган.

«Survival International» уюмунун маалыматы боюнча Амазон токойлорунда сырткы дүйнө менен байланышы жок 100дөй уруу жашайт.

XS
SM
MD
LG