Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:16

Боронов: Элдин кен иштетүүчү компанияларга мамилеси оңоло баштады


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Кен казуучу компаниялар иштеп жаткан аймактарда жергиликтүү тургундар инвесторлорго көбүрөөк түшүнүү менен мамиле кыла башташты. Бул тууралуу 14-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөн онлайн кеңешмеде өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, өкмөт башчы Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорун кыдырып чыкканын, тоо-кен тармагында иштеген инвесторлордун каражатына социалдык багыттагы долбоорлор жүзөгө ашырылып жатканын жана компанияларда иштеген жергиликтүүлөр улам көбөйүп келатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда эл арасында кен казуу тармагына инвестор тартуунун, ар кандай чагымчыл чакырыктарга жол бербөөнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү зарыл экенин айтты. Ошону менен катар инвесторлордун ишмердүүлүгүндө социалдык жагдайдын эске алынышы керек экенин кошумчалады.

2019-жылдын 6-февралында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү абалды өлкөнүн Коопсуздук кеңеши талкуулап, кен казуу тармагынын өндүрүш объектилеринде жергиликтүү элдин каршылык маанайы бар экени, инвесторлордун ишин токтотуу максатында элди козуткандарды аныктоо жана жоопко тартуу зарыл экени айтылган. Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен өткөн жыйында бул тармактын өнүгүшүнө жемкордук да тоскоолдук жаратып жатканы, айрым ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, айрыкча лицензия-уруксат берүү системасында коррупция терең жайылганы белгиленген. (RK)

XS
SM
MD
LG