Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:18

Партиялар үгүт иштерин баштады


2017-жылы тартылган сүрөт.
2017-жылы тартылган сүрөт.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) курултайларын өткөрүп шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин каттады.

Алар «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен», «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы».

Боршайком «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларын каттоодон баш тартты. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп билдирип, сотко кайрыла турганын билдирди.

4-сентябрда каттоодон өткөн партиялар бир айлык үгүт иштерин баштады жана аны кыргызстандыктар дароо сезишти. Буга чейин боло келгендей эле партиялар көчөлөрдөгү жарнама такталарга баннерлерин түнү менен илип чыгышты. Социалдык тармактарды алардын үгүт материалдары ээледи.

Партиялардын кээ бири облустарга барып шайлоочулар менен жолугуп жатат, айрымдары «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине зыярат кылды. Дагы бири Жеңиш аянтындагы «Өчпөс отко» барып үгүт иштерин баштады.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул иш-чараларда буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу көп киши чогулган жок. Муну алардын Интернетке чыккан сүрөттөрүнөн жана түз алып көрсөтүүлөрүнөн байкоого болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов үгүт иштериндеги санитардык эрежелерди эске салды.

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын сунушунун негизинде көп кишини чогултууга тыюу салынган. Жолугушууга келген адамдар социалдык аралыкты сактап, жеке коргонуу каражаттары болушу керек. Андан тышкары партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үгүт жүргүзүп, программасын жайылта алат. БШК партиялардын программаларын жана талапкерлердин тизмесин сайтына жайгаштырат. Бул шайлоочулардын тандоосуна жардам берет деп ойлойбуз».

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, быйыл шайлоо алдындагы үгүт иштеринин убагында көчөлөрдө, стадиондордо концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди өткөрүүгө болбойт. Шайлоочулар менен жолугушуу иш-чараларына ырчы-чоорчулар тартылбайт.

Ушундай мыйзамдык чектөөдөн, экинчи жагынан илдеттен улам үгүт иштери Интернетке көчтү. Партиялар социалдык тармактарда катталуучусу көп таанымал адамдарды, блогерлерди тартып жатышат.

Кыргызстанда буга чейин кандай гана шайлоо болбосун үгүт иштери жоон топ эстрада жылдыздардын катышуусунда өтчү. Ырчылардын көбү капчыктуу партияларга иштеп, шайлоочулар менен жолугушуу концерттик программа менен коштолчу.

Саясат талдоочу Марат Казакбаев үгүт өнөктүгүндөгү чектөөлөр акчасы аз жаңы партияларга жакшы мүмкүнчүлүк бергенин айтууда.

«Азыр үгүт иштери видео жана аудио форматка өттү. Ошондуктан талапкерлер социалдык тармактарда иштеши керек. Бул шайлоого 10 чакты партия биринчи жолу катышып жаткандыктан программасын жакшы түшүндүрүп берсе, аларда шайлоону утуп чыкканга мүмкүнчүлүк бар».

Жаңы партиялар демекчи, шайлоого катышууга укук алган партиялардын ичинен «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо» партиялары Жогорку Кеңешке шайлоого биринчи жолу катышууда.

«Ата Мекен», «Республика», «Бир Болдун» мүчөлөрү парламенттин VI чакырылышында депутат болуп отурушат. «Мекен Ынтымагы», «Замандаш», «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» буга чейинки шайлоолорго катышкан.

Айрым партиялар шайлоо алдындагы программаларын да азыноолак тааныштырууга жетишти. Партиялардын көбү мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын санын кыскартуу боюнча элдин кулагына жаккан убадаларды бере баштады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдрахман Маматалиев мындан беш жыл мурунку парламенттик шайлоого салыштырмалуу шайлоочулар партиялардын убадаларына сын көз менен карап калды деген пикирде.

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

«Эл мурдагыга салыштырмалуу өзгөрүп калды. Буга чейин «500 ишкана ачабыз. 100 миңдеген кишини иш менен камсыз кылабыз» деген курулай убаларды азыр адамдар эске салып улам-улам Интернетке чыгарып жатышат. Азыр эл ишене бербейт го. Анын үстүнө пандемия көп адамдын жүзүн ачып койду».

Үгүт иши башталып-баштала электе эле административдик ресурсту колдонуу, добуш сатып алуу, шайлоочуларды бир аймактан экинчи аймакка көчүрүп каттоо аракеттери болуп жатканы айтылууда. Бул маселе Коопсуздук кеңешинин да жыйынында талкууланды. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нарынбек Молдобаев бул шайлоодо деле эски ыкмалар колдонулат деп чочулап турат.

«Мисалы, айыл жеринде миң сом эркектин бир айлык тамекиси үчүн акча. Аял киши бир айга үй-бүлөсүнө кумшекер сатып алат. Биздин жарандар добушун сатуу менен келечегин да сатат дегенди түшүнө элек. Аны түшүнүш үчүн бизде орточо айлык жок дегенде 500 доллар болушу керек. Биздин экономика алсыз болуп турганда добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонула берет».

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн жалпысынан 224 жалпыга маалымдоо каражаттары каттоодон өттү. Анын 77си интернет-басылмалар. Калганы телекомпания, радио, гезит-журналдар. Кыргызстанда 120 мандаттуу Жогорку Кеңешке шайлоо беш жыл сайын болот. Бул ирет шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG