Кыргызстанда парламенттик шайлоонун кызуу бөлүгү болгон үгүт өнөктүгү башталарда ар кыл мыйзамсыз көрүнүштөр боюнча билдирүүлөр көбөйдү. Бул жолу деле мурда боло келгендей шайлоодо административдик ресурсту колдонуу, добуш сатып алуу, шайлоочуларды бир аймактан экинчи аймакка көчүрүп каттоо аракеттери болуп жатканы айтылууда. Бул процесске көбүнесе мамлекеттик кызматкерлер тартылып жатканы боюнча эс алуудан келип, кайра эле шайлоочулар менен жолугушууга тараган Жогорку Кеңештин 3-сентябрдагы жыйынында маселе көтөрүлдү.
Депутат Жанарбек Акаев бийликчил партиялар дарыгерлер менен мугалимдерди колдонуп, мыйзамсыз ишке аргасыздан кириптер кылып жатканын мисал келтирди:
«Пандемия убагында бүт мамлекеттик телеканалдардан өкмөт баш болуп «силер бизди, бүтүндөй өлкөнү сактап калдыңар» деп ыракмат айтып, эми шайлоонун алдында «паспортуңду алып кел, №2 формага турасың, адамдарды каттайсыңар» деп дарыгерлерди кордоп атабыз. Ушулбу, биздин аларга кылган жакшылыгыбыз? Мага Бишкектеги балдар ооруканасынын ондогон дарыгерлери кайрылып, ар бирине «паспорт чогулткула» деп тапшырма болгонун айтышты. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт».
Шайлоодо мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын бийлик өкүлдөрү деле четке какпайт. Бул жөнүндө шайлоо маселесине арналган Коопсуздук кеңешинин жыйынында да сөз болуп, президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жетекчилерди бул көрүнүштөргө көз жуумп жатканы үчүн зекиген болчу:
«№2 форма менен айрым партиялар, айрым талапкерлер массалык түрдө шаардан районго, райондон шаарга адамдарды ташымай башталды. Ошону көрүп туруп, мамлекеттик органдар чара көргөн жоксуңар. Укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик, ошону көрүп туруп, тим койдуңар, токтотпой жатасыңар. Азыртадан баштап эле элдин нааразылыгын жаратып, шайлоого болгон ишенимин жоготуп атасыңар. ММКлар жазып атат, көрсөтүп атат, бир реакция жок».
Коопсуздук кеңеши бул жыйындын жүрүшүндө шайлоодогу мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы чараларды күчөтүү боюнча чечим кабыл алды. Андагы пункттардын бири катары Башкы прокуратурага тиешелүү тапшырмаларды берди.
Кыргыз өкмөтүндөгү шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер Акрам Мадумаровдун маалыматы боюнча ушул убакытка чейин шайлоого байланыштуу 23 мыйзам бузуу катталып, териштилип жатат.
«Аталган 23 фактынын ичинен сегиз учур кылмыштын жана жоруктун курамы аныкталбаганы үчүн чыгышталды. Ал эми бир фактысы аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. 11 көрүнүш боюнча териштирүү жүрүп жатат», - деди ал. Вице-премьер мындай мыйзамсыз ыкмаларды колдонгон партияларды бийликчил же оппозициячыл деп бөлүү туура эмес экенин кошумчалады.
Буга чейин коомчулукта административдик ресурска байланыштуу Нарындын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы тартылган видео тасма абдан көп талкуу жараткан. Анда айыл өкмөт башчысы «Биримдик» партиясынын талапкери менен добушту ушул партияга берүү тууралуу макулдашканы боюнча сөз жүрөт. Тасмада сөз болгон талапкер Улан Бакасов андагы кепти четке кагып, айыл өкмөт башчысын сотко берген. Бул боюнча териштирүү жүрүп жатканы кабарланганы менен кандай чара көрүлгөнү дагы эле белгисиз.
Бирок бийлик башчылары бул маселелерди атап койбостон тиешелүү чара көрүшү керек экенин айткандар арбын. Алар административдик ресурсту колдонуу аракетин көбүнесе бийликке жакын партиялар кылып жатканын, ошондуктан президент баш болуп мыйзамсыздыкка каршы күрөштү өз айланасындагылардан башташы керек экенин билдиришүүдө.
Социолог Самар Сыргабаев бул иште бийлик конкреттүү чара көрбөсө шайлоонун калыс өткөнүнө болгон ишеним төмөндөй турганын айтты:
«Бул жерде бийлик фактыларды айтып коюу менен чектелбеши керек. Карапайым элдин баары эле мыйзам бузулуп жатканын көрүп турат. Ошону реалдуу түрдө ачык көрсөтүп, жазаласын. Азыр 24 саат бою ачык болуп турган Интернеттин заманында элдин баары көргөндөй болсо гана жыйынтык чыгат».
Ал эми БУУнун Өнүктүрүү программасынын шайлоо маселелери боюнча улуттук координатору Канышай Мамытова шайлоодогу мыйзам бузууга каршы мыйзамда көрсөтүлгөн нормаларды калыс колдонуу зарыл болуп турганын айтууда:
«Акыркы жолу мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Мисалы, мурун добуштарды сатып алууга аракет кылган талапкер жана анын жакындары эле жоопкерчиликке тартылса, учурда мындай аракет кылган ар бир жаран айыпка жыгылат. Эгер талапкер кылса, ал түрмөгө кесилиши мүмкүн. Ошондой эле добуш сатып алыш үчүн акча тараткан эле тарап эмес, акчаны алгандар да жазага тартылат. Ушул нормаларды бардык шайлоонун катышуучуларына калыс түрдө колдонуу маанилүү болуп турат».
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 4-сентябрдан тартып үгүт өнөктүгү башталат. Буга чейин БШК 17 партиянын документтери кабыл алган болчу. Алардын ичинен канчасы шайлоо жарышына ат салышары бүгүн-эртең белгилүү болот.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.