Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Улан Бакасов Чет-Нура айылынын башчысын сотко берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Биримдик» партиясы менен шайлоого бараткан ишкер Улан Бакасов Интернетке тараган видео боюнча Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүркановду сотко берди. Бул тууралуу Бакасовдун өкүлү Майрамбек Өмүрбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Улан Болотбекович айыл өкмөт башчысы Азамат Мүсүркановду КРнын Жарандык кодексинин 18-беренесинин 1-пункту боюнча («Жарандын өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылуу») Нарын райондук сотуна арыз менен кайрылды», - деди Өмүрбаев.

Буга чейин социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган тасмадан Азамат Мүсүркановго окшош адам топтошкон эл менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Ал жерде «Биримдик» саясий партиясынан шайлоого аттанган талапкер Улан Бакасов менен соодалашуу болгону, ал үчүн айылдан кеминде 300 добуш керек экени айтылат. Видеонун биринде айыл тургундары дептерге аты-жөнүн жазып, кол коюп жатканы тартылган.

Тасмада аты аталган айыл өкмөт башчы Азамат Мүсүрканов комментарий бере элек. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу видеотасманын чоо-жайын иликтеп жатат.

120 мандаттуу Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн 17 партия БШКга документ тапшырган. «Кыргызстан» партиясын каттоо ишинде маселе жаралып, БШК менен «Кыргызстан» Жогорку сотто соттошууда. Эреже боюнча партиялар үгүттү шайлоого бир ай калганда, 4-сентябрда башташы керек. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. (BTo)

XS
SM
MD
LG