28-августта «Кыргызстан» партиясы түнкү саат 10до журналисттерди маалымат жыйынга чакырып, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун чечимин аткарбай, "мыйзамды бузду" деп билдирди.
Партиянын лидери Канатбек Исаевдин айтымында, буга чейинки парламенттик жана президенттик шайлоодо добуш сатып алуу, шайлоо фондунан тышкары каражаттарды колдонуу фактылары көп жолу катталган.
Ага карабастан БШКнын ушул эле курамы эскертүү берүү менен чектелип келгенин, ал эми “Кыргызстан” партиясын техникалык ката үчүн каттабай жатканын кошумчалады.
“Бишкектин административдик соту биздин жүйөлөрдү эске алып, адилетүү чечим кабыл алды. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл албай жатат. Бул чечимин Жогорку сотко кайрыла турганы менен түшүндүрүүдө. Мыйзам боюнча соттун чечими дароо күчүнө кириши керек. “Кыргызстан” партиясы БШК менен болгон талаш-тартышты укук талааасында чечкенге даяр. Бул ишке Жогорку сот гана чекит коет жана биз шайлоого катышабыз деген ойдомун”, - деди Исаев.
Исаевдин партиялашы Талант Мамытов соттун чечими дароо күчүнө кирерин, эгер чечим аткарылбаса кылмыш жоопкерчилиги каралганын эске салды.
Буга чейин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эмес экенин жана жакын арада кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрыларын маалымдаган.
Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева «Азаттыкка» БШК Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылууга ниеттенип жаткандыктан, мыйзам боюнча документтерди кабыл алуудан баш тартууга укугу бар экенин айткан.
БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок шарттарды бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон. «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган.
Бишкектин административдик соту 27-августта «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырган.
Сот чечимине жарандык активисттер жана башка айрым партиялардын өкүлдөрү нааразы болуп, мөөнөтсүз митинг өткөрө турганын айтышууда.
120 мандаттуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. (AiB)