Турсунбай Бакир уулу өзүн тизмеден таппай калды
Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланыштуу 26-августта Бишкекте журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрдү. Анын сөзүнө караганда, 19-августта партиянын отурумунда парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмеси бекитилип, ал алдыңкы 15 орундукка кирген. Партиянын жыйынынан кийин 22-орунга жылып, андан соң такыр эле чыгып калган.
Мурдагы депутат бул иштин баары аны менен кеңешилбей чечилгенин жана «Бүтүн Кыргызстандын» жетекчилиги жыйында бекитилген тизмени өзгөртүп мыйзам бузганын айтты. Ал бул үчүн партиянын лидерине каршы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызданып, сотко кайрылганы турат.
«Алар «мыйзам боюнча жыйын бекиткен тизме өзгөртүлдү» деген кабар беришти, - деди ал. - Анан түнү менен «Адахан иним, салам алейкум, намазың кабыл болсун. Тизме өзгөрүп кетиптир. Жыйын бекиткен тизмеде мен бар болчумун, азыр өзүбүздү таппай жатабыз» десем «кат жазбай кеңсеге келиңиз» деди. Барсам «Туке, капа болбоңуз, биз сизди жылдырдык» деди. «Мени эмне үчүн жылдырдыңар?» десем Темир Сариев «ажыке, шайлоого акча керек экен, акча бергендерди алдыга жылдырып жатабыз» дейт. «Канча акча төлөш керек экен?» десем «200 миң доллардан берип жатышат» деди. «Мен бере албайм, мындай акча жок» дедим».
Турсунбай Бакир уулу ал башкарган «ЭрК» партиясы «Бүтүн Кыргызстан» менен биригип шайлоого чогуу барууну чечкенин, бирок партиянын мүчөлөрү да артка жылдырылып калганын кошумчалады.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого оппозициялык күч болуп баратканын жана катарына тажрыйбалуу саясатчылар кошулганын жарыялаган. Алардын арасында мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев, экс-премьер-министр Темир Сариев, «Кыргызстан коммунисттери» партиясынын лидери Исхак Масалиев, «Эгемен Кыргызстан» партиясынын лидери Бектур Асанов, «СССР» партиясынын төрагасы Ишенбай Кадырбеков жана Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары бар болчу.
Партиянын отурумунан кийин Темир Сариев «Бүтүн Кыргызстан» менен биригүүсү ийгиликсиз болгонун жана шайлоого барбай турганын кабарлады. Бул партияга кошулган депутат Мурадыл Мадеминов, экс-депутат Абдыманап Кутушев да саясий жарышка катышуудан баш тартканын билдиришти. Саясатчылар анын себебин айтышкан жок.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров партиянын айланасындагы жалпы жагдай тууралуу комментарий берген жок. Турсунбай Бакир уулунун билдирүүсү тууралуу буларга токтолду:
«Бийликке жагынгысы келгендер «Бүтүн Кыргызстанга» доомат коюп келишкен жана доомат арта беришет. Мунун бизге тиешеси жок, айткан сөздөрү өзү менен кетсин. Ал киши (ред: Турсунбай Бакир уулу) мыйзамды билбейт да. Ал партиянын мүчөсү эмес. Ошондуктан тизмени көргөнгө укугу жок. Жыйынга делегат да болгон эмес. Тизмени жыйындын делегаттары гана бекитет».
Жыйында бар, тизмеде жок саясатчылар
БШКга талапкерлердин тизмеси тапшырылгандан кийин буга чейин шайлоого барары сөз болуп жаткан айрым саясатчылар талапкерлердин катарында жок болуп чыкты.
Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев жана Акылбек Жапаров «Мекеним Кыргызстан» менен шайлоого катышары айтылып жаткан. Алар партиянын саясий кеңешинин иш-чараларына катышып, жыйындарына да барышкан.
Ырчы, маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Урмат Усенов да «Мекеним Кыргызстандын» жыйынына барган. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына видеокайрылуу таратып, шайлоого катышпай турганын билдирди.
Каныбек Иманалиев кайсы бир партия менен шайлоого бара турганы жөнүндө мурда сөз кылбаганын жүйө кылды. Акылбек Жапаров да шайлоого барбай турганын, бирок «Мекеним Кыргызстандын» программасын жазууга катышканын айтып, ушул партияны колдой турганын билдирди:
«Партиянын лидерлери менен сүйлөшүп ушундай чечимге келдик. Мен «Мекеним Кыргызстандын» мүчөсү да эмесмин. Ушул партияга кирген балдарга колдоо көргөзүп жатам».
Сары майдай сакталган тизме
«Бүтүн Кыргызстан» партиясында тизмеге байланыштуу ачыкка чыккан маселе коомчулуктун көңүлүн бурду.
Шайлоого бараткан партиялар ушул күнгө чейин өз жыйындарында добуш берүү менен түзүлгөн тизмени коомчулукка толук жарыялай элек. Алдыңкы 15-20 кишинин, ашып кетсе 30 талапкердин тизмесин чыгарышты. Саясий уюмдар талапкерлердин аты-жөнүн жана алар кайсы сапка жазылганын эмгиче купуя сыр кылып сакташат. БШК партиянын талапкерлерин каттагандан кийин гана толук тизме чыгат.
Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын айланасындагы окуялар кайталанбашы үчүн жана саясатчылардын бирин-бири айыптоого чекит коюш үчүн сунуш киргизди:
«Партиялар жыйын өткөргөндөн кийин талапкерлер кайсы сапка жазылганын ачык жарыялашпайт. Бул ар кандай күмөн ойлорго түртүп жатат. Эгерде партиялар жыйындан кийин эле «талапкерлердин тизмеси түзүлдү» деп аларды ирети менен тааныштырса адамдарда да, Борбордук шайлоо комиссиясында да суроо болмок эмес. Бул партияларга ишенимди жогорулатмак».
Мыйзамда «талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын жыйынында жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат» деп жазылган. Ушул жерде да эки ача пикир бар. БШКнын айрым мүчөлөрү партиянын жыйынында бекитилген тизме өзгөртүлбөшү керек десе, айрымдары талапкерлердин катар санын алмаштырууга мыйзам жол берерин айтышты. БШКнын мурдагы мүчөсү, «Бүтүн Кыргызстан» менен шайлоого бараткан саясатчы Ишенбай Кадырбеков бул тууралуу ой бөлүштү:
«Жыйын ким кайсы орунга жазылыш керек дегенди эмес, тизмени гана бекитет. Андан кийин ким кайсы сапка жазылышы керек экенин партия чечет. Кийин БШК ал тизмени алып талапкерлердин жарандыгын, соттуулугу бар же жок экенин текшерип каттагандан кийин тизмеге БШК ээлик кылып калат. Ага партия тийише албайт. Ал эми БШК партияны каттагыча анын кожоюну партия».
«Тизме түзүү - бизнес»
Саясий партиялар БШКга 75тен кем эмес, 200дөн ашпаган талапкердин тизмесин бериши керек. Партия лидерлери тизмени тактоо жана ага талапкерлерди ирээти менен жайгаштыруу оор экенин айтышат. «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы чуу да талапкерлердин тизмесин, документти Боршайкомго өз убагында алып барбагандыктан чыкты.
Саясат талдоочу Гүлжигит Исаков талапкердин партиядан орун талашуудан чыккан чырын каражат менен байланыштырат.
«Партия лидерлерине монополияны берип коюшкан, - деди ал. - Алардын колуна беш жылда бир жолу болчу парламенттик шайлоодо мүмкүнчүлүк берилип жатат. Партия жетекчилери аны туура пайдалангандын, партия ичинде демократияны орноткондун ордуна тизме түзүүнү бизнес кылып жатышат. Жыйында түзүлгөн тизмени өзгөртүп ким көбүрөөк акча берсе аны алдыга жылдыруу - одоно мыйзам бузуу. Аларды шайлоого катыштырбаш керек».
Кыргызстанда 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Кыргызстан 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин парламенттик башкарууга бет алган. Бирок коомчулукта парламенттик система сөз боюнча калганын айткандар көп.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.