Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

«Ош-Тазалык» шаардык казынадан төрт машине алды


Жаңы алынган автоунаалар.
Жаңы алынган автоунаалар.

«Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттен жолдорду шыпырып, жууй турган төрт техника каражаты алынды. Алар үчүн шаар казынасынан 16 миллион сом бөлүнгөн.

Машинелерди тапшыруу аземи 18-августта өтүп, ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, тиешелүү ишканалардын жетекчилери, «Ош-Тазалыктын» кызматкерлери катышты.

«Ош-Тазалык» өзүн өзү каржылаган ишкана болгонуна карабай 2019-жылы мэриянын казынасынан 30 миллион сомдук техника каражатын алып, алты миллион сом каражатты дотацияга алган. 2020-жылдын бюджетинен болсо жогорудагы 16 миллиондон сырткары 20 миллион сом дотация бөлүнгөн.

Мындан сырткары да ишкана коронавирус пандемиясынан улам акча топтолбой, «күйүүчү майды сатып алууга» деп 10 миллион сом сурап мэрияга кайрылган. Шаар бийлиги май айында буга чейин каралган каражаттын жети миллион сомун чукулунан бөлүп берген.

Ишкананын маалыматына ылайык, шаарды тазалаш үчүн күнүнө эки тонна күйүүчү май сарпталат. Учурда анда 50дөн ашык техника каражаты иштеп, 300гө жакын кызматкер эмгектенүүдө. (DU)

XS
SM
MD
LG