Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

Музей жана ипподром чуусу боюнча сот 19-августка жылды


Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. "Азаттыктын" коллажы.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. "Азаттыктын" коллажы.

Бишкек шаардык соту 18-августта Улуттук тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча айыпталып жаткандардын аппеляциялык арызын онлайн кароого киришти.

Бул тууралуу айыпталып жаткандардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жараянда жабырлануучулардын өкүлү айыпталуучулардын адвокаттарынын суроолоруна даяр эместигине байланыштуу сот 19-августка жылды.

Иш айыпталуучу тараптын аппеляциялык арызынын негизинде шаардык сотто шейшембиден тарта карала баштады. Сапар Исаков сотко аралыктан катышты.

Исаков Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган.

Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыппул салган.

Музей иши боюнча Исаков менен кошо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева да соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыппул салынган.

Өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып келе жаткан Сапар Исаков менен Мира Карыбаеванын адвокаттары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдогон. (NT)

XS
SM
MD
LG