Коронавирус жана пневмония боюнча даттанып кайрылган жарандар азайганына байланыштуу борбор шаардагы төрт стационар ишин токтотот. Бул чечимди шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссия кабыл алганын мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, 18-августтан тартып Жайыл Баатыр көчөсүндөгү «Газпром» ишканасына таандык спорткомплексте ачылган стационар, «Чыгыш-5» кичирайонундагы спорт мектебиндеги, №68 мектеп-гимназияда жана №96 орто мектепте ачылган стационарлар ишин токтотот. Медициналык жабдуулар жана керебеттер зыянсыздандырылып, сактоого коюлат.
Кожомкул атындагы спорт сарайындагы күндүзгү жана 12-кичирайондогу «Бишкекнаабайкана» ишканасынын имаратындагы күнү-түнү иштеген стационар ишин улантат. Бишкекте спорт комплекстеринде, мейманканаларда жалпысынан 13 стационар түзүлгөн. Эпидемиологиялык кырдаал турукташканына байланыштуу баш калаада август айынын башынан бери он чакты стационар ишин токтоткон.
Ош шаарында да 17-августтан тартып күнү-түнү иштеген стационарлар жабылары кабарланган. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыкка» жалпысынан шаарда беш стационар иштегенин билдирди:
«Акыркы учурда кайрылган бейтаптар кескин азайганына байланыштуу үч стационар толугу менен жабылды, калган экөө - Манас Ата жана Кулатов кичирайондорундагы стационарлар бейтаптарды түнкүсүн гана кабыл алат».
Коронавирус июнь-июль айларында күчөп, ооруканаларда орун жетишпегени үчүн ыктыярчылардын демилгеси менен жалпы өлкө аймагында күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылган. Көпчүлүгү кайра жабылган.
Бишкектеги күндүзгү стационарларга бир айдын ичинде 97 891 адам кайрылып, түрдүү медициналык жардам алган. 503 адам жатып дарыланып чыкты. (ZKo)