Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:17

Беларуста “Эркиндик үчүн!” маршы өтүп жатат


Минск шаарындагы марш, 16-август 2020-жыл.
Минск шаарындагы марш, 16-август 2020-жыл.

Беларустун бир катар шаарларында президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы “Эркиндик үчүн!” маршы өтүп жатат. Баш калаа Минскиде миңдеген демонстранттар Эгемендик проспектисинде жүрүшкө чыгышты. Алар “Жаша, Беларус!”, “Кет!” деп ураан чакырып жатышат.

“Азаттыктын” беларус кызматынын маалыматы боюнча, өлкө батышындагы Гродно шаарында маршка 10 миңдей катышууда. Ушундай эле акциялар Брест сыяктуу бир нече шаарда өтүп жатат.

Жекшемби күнү Эгемендик аянтында президент Александр Лукашенкону колдогон акция да уюштурулду. Чогулгандарга кайрылуу жасаган Лукашенко Беларустун чек арасына жакын жерде НАТОнун танктары менен учактары топтолуп турганын, коңшу өлкөлөр Беларуста жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатканын, ал мындан баш тартканын айтты. Бирок НАТОнун басма сөз кызматы Лукашенконун мындай дооматын четке какты.

Литвага чыгып кеткен оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская жума күнү элди өз добушун коргоого, дем алыш күндөрү массалык жыйындарды уюштурууга чакырган. 9-августтан бери токтобой жаткан митингдердин алгачкы төрт күнү милициянын күч колдонуусу жана кармоо менен коштолгон. Беларустун Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, акцияларда 7 миңдей адам кармалып, алардын бир бөлүгү кайра коё берилди. Күч кызматкерлери акыркы бир нече күндөгү тынч акцияларга кийлигишкен жок.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан президент Александр Лукашенко добуштардын 80%, Светлана Тихановская 10% алганын билдирген. Тихановская мындай жыйынтыкты тааныбай, шайлоону жеңгенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG