Чүй районунда «Тез жардам» жетишпейт
Чүй райондук «Тез жардам» кызматында 17 киши эмгектенет. Карамагында үч унаа болгону менен адистердин жетишпегенине байланыштуу бир эле бригада кызматта. Алар райондогу 31 айылдын 58 миң калкын тейлеши керек. 6 миң сом айлыкка иштеген ак халатчандар түзүлгөн шартка нааразы болуп, “Тез жардамдагы” көйгөйлөрдү ачык айтып чыгышты.