Лос-Анжелестеги Түштүк Калифорния университетинин адам укуктары боюнча профессору Стив Свердлоу «Азаттыкка» ушундай пикирин билдирди.
- Стив мырза, сиз Бобомурад Абдуллаев 2017-жылы Өзбекстанда камалгандан баштап бошотулганга чейин анын ишине кунт коюп көз салып келиптирсиз. Бул жолу анын Кыргызстанда камалышына негиз бар беле?
- Ооба, мен Абдуллаевдин ишине ал 2017-жылы Өзбекстанда камалгандан бери, көз салып, байкоо жүргүзүп келем. Ал кезде «Human Rights Watch» уюмунда иштечүмүн. Анын окуясы абдан кейиштүү. Абдуллаев президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин камалып, абдан катуу кыйноого кабылган. Ал Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жертөлөсүндө кандай оор кыйноого дуушар болгонун сотто айтып берген.
Журналистке «Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө каршы чыккан», «Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирген» деген айыптарды коюшкан. Адатта мындай айыптар Өзбекстанда маркум президент Ислам Каримовдун учурунда кимдир-бирөөнү куугунтуктоодо колдонулуп келген. Албетте, Абдуллаевге коюлган айыптардын саясий мүдөөсү бар экени баарына белгилүү болчу. Ошондуктан эл аралык коомчулук аны колдоп, расмий Ташкенттен аны токтоосуз бошотууну талап кылган.
Бобомурод Абдуллаев сот залынан бошотулгандан кийин аны кыйнагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат деген үмүт болгон. Анткени судья да бул боюнча атайын иликтөө жүргүзүлөрүн айткан эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Тескерисинче, журналист чыккандан кийин да атайын кызматтардын такай байкоосунда болду, ага басым да жасалып жатты. Ошого карабай Абдуллаев - абдан эрктүү адам. Ал сотто да бийликти сындаган кайсы макалаларды жазганын мойнуна алып, жазбагандарын четке кагып жатты. Ал сөз эркиндигинин негиздерин сотто коргоп турду. Бул жолу да ага ошол эле айыптар коюлуп жатканы бизге маалым болду. Бул - Каримовдун режимин эске салган абдан кайгылуу жышаан.
- Сиз Абдуллаев бошотулгандан кийин да анын артынан аңдып, басым жасап келишкенин айтып жатпайсызбы. Журналист бийликти сындаган макалаларды жазууну улантты беле? Же эмнеге аны жайына коюшкан эмес?
- Ушул жагы абдан таң калычтуу болуп жатат. Бизге маалым болгондой, анын соцтармактарда эч кандай каналдары жок болчу. Ал мурдагыдай Усман Хакназаров деген сыяктуу псевдоним менен эч нерсе жарыялабай калган. Абдуллоев 2018-жылга чейин чын эле Ислам Каримовду сындаган макалаларды каймана ат менен жазып келген. Бирок камактан чыккандан кийин ал бул нерсе менен алектенбей калган. Азыр Бобомурод Абдуллаевди «ал «Телеграмдагы» каналдардын биринде бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазат» деп айтып жатышат. Бирок ал муну өзү четке кагууда. Чындап эле ал каналдагы билдирүүлөрдүн жазылышы менен Абдуллаевдин мурунку жазгандарынын стилистикасы айырмаланат. Ал канал менен байланышы болсо да аны дароо камабай, терең, калыс жана таза жүргүзүлгөн иликтөөдөн кийин гана айыптар коюлушу керек эле. Андай болгон жок. Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетине окууга келген журналисттин Ташкенттин буйругу менен камалышы учурда Өзбекстан жарыялап жаткан ачыктык саясатына каршы келет. Анткени бул мамлекеттин
Тышкы иштер министрлиги, жалпы эле өкмөтү аларда баары өзгөргөнүн, маалымат каражаттары, журналист жана блогерлер менен иш алып барган өз алдынча агенттик ачылганын айтып келатышат. Ал тургай президенттин кызы да журналисттер менен блогерлер коомдун өнүгүшүндө чоң роль ойной турганын айтканы бар. Ошол эле учурда Абдуллаевдин камалышы Ташкенттин азыркы саясатына гана каршы келбестен, анын эл аралык коомчулуктун алдындагы өз милденттенмелерин бузушу болуп эсептелинет.
- Ушул жерден Абдуллаевди кармап, камакка алган Кыргызстандын да эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерине токтолсок. Бишкек былтыр жарандык активист жана блогер Мурат Тунгышбаевди Казакстанга экстрадициял кылган. Муну менен Кыргызстан кош стандартты карманып жаткан жокпу?
- Чындыгында ошондой. Кыргызстандын тарыхында бул окуялар кара так бойдон кала берет. Анын үстүнө башынан кыйноо өткөргөн Бобомурод Абдуллаевди пандемия маалында ушундай түшүнүксүз айыптар менен кармап, камап жатканы жарабайт. Кыргызстандын Акыйкатчысы бул ишке кийлигишип, журналист Өзбекстанга экстрадицияланбашы үчүн бардык аракетин көрөт деген ишеничтемин.
Окууга келген адамды камаганы Кыргызстандын аброюна шек келтирет. Ошондуктан ага коюлуп жаткан айыптар далилсиз болсо аны бошотуш керек. Ал эми «Абдуллаев жазат» делген каналда ал камалгандан кийин «Мен Бобомурод Абдуллаев эмесмин» деген билдирүү чыкты. Чындыгында ал камакта болсо, социалдык тармакка кантип жазмак эле? Мунун баары курулай айыптар коюлуп жатканын көрсөтүүдө.
Өзбекстанда соңку айларда, жумаларда журналисттерге, блогерлерге басым күчөдү. Өзгөчө коррупция, коронавирус кризиси тууралуу байма-бай жазган медиа өкүлдөрүнө кысым болуп жатканын ал жактагы булактарым айтып жатышат. Ошондон улам Өзбекстандын да, Кыргызстандын да жетекчилерин эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин так аткарууга чакырам. Абдуллаев бул жолу жекшемби күнү камалганына карабастан эл аралык уюмдар, укук коргоочулар тынчсыздануусун билдиришти. 2020-жылы журналистти өз ишин аткарганы үчүн камаганы жарабайт. Биз бул доорду артка калтырышыбыз керек эле. Тескерисинче, Абдуллаев кыйноого кабылганы үчүн реабилитациядан өтүп, моралдык жана физикалык жактан жабыркаганы үчүн кенемте төлөтүп алышы керек эле. Тилекке каршы, анын кайрадан ушундай сыноого кабылып жатканы өкүнүчтүү. Биз аны баарылап колдоп, эки мамлекеттин жетекчилерин Бобомурод Абдуллаевди бошотууга чакырабыз.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.