Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:05

Бишкекте өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев кармалды


Бобомурод Абдуллаев сот залынан бошотулгандан кийин. 7-май, 2018-жыл.
Бобомурод Абдуллаев сот залынан бошотулгандан кийин. 7-май, 2018-жыл.

8-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди кармады.

10-августта Биринчи май райондук сотунда Абдуллаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу каралат. Бул маалыматты анын адвокаты Тимур Карабаев «Азаттыкка» ырастады.

«Бүгүн анын кармалышынын мыйзамдуулугу жана балким бөгөт чарасы да каралат», - деди адвокат.

Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Абдуллаев «Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен 2017-жылы 27-сентябрда Ташкентте атайын кызмат тарабынан кармалган. 2018-жылы май айында Ташкент шаардык соту аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон.

Айрым маалыматтар боюнча Абдуллаев кийинчерээк башка кылмыш иши боюнча да айыпталып, Өзбекстанда ага издөө жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG