Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:17
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

19:44 30.8.2020

“Тынчтык жана эгемендик жүрүшү” Беларустун Могилев, Гродно, Бобруйск жана башка шаарларында өтүп жатат. Минскидеги “Эгемендик” аянтынын тегерегин күч кызматкерлери темир кашаалар менен тосуп чыкты. Ушул сааттарга карата 100гө жакын адам кармалганы кабарланды.

Митингге чыккандар “Лукашенко, кет!”, “Саша, акыркы туулган күнүң менен!” - деп кыйкырып жатышат.

Бүгүн Александр Лукашенконун туулган күнү. 30-августта Беларустун президенти 66 жашка чыкты.

19:51 30.8.2020

Жүрүштүн катышуучулары “Минск – баатыр шаар” эстелигине багыт алышты. Буга чейинки митингдерге чыккандар үч аптадан бери ушул жерде чогулуп жатышкан. Күч кызматкерлери эстеликтин тегерегин курчап, эч кимди өткөрбөй турушат. Бүгүнкү митингге, ар кандай эсептер боюнча, 220 миңден ашык адам катышууда.

19:58 30.8.2020

Латышонок: Бийлик оппозиция менен сүйлөшпөйт

30-августтун кечинде аянтта калгандарга президент Лукашенконун жардамчысы Николай Латышонок жолукту. Ал шайлоодон кийин өз укугун коргоп чыккандарга эмне үчүн бийлик аёсуз мамиле жасаганын түшүндүрдү. «Алар баррикадаларды коюп, жолдон өткөн карапайым тургундарга тоскоолдук кылышты» - деди беларус бийлигини өкүлү.

Латышонок ошондой эле бийлик оппозиция менен сүйлөшпөй турганын белгиледи. Ал президент Лукашенко Минскидеги өзүнүн резиденциясында экенин айтты.

Орусиянын «Риа Новости» мамлекеттик агенттиги резиденциясында автомат кармап, ары-бери басып жүргөн Лукашенконун сүрөтүн жарыялады. Бирок сүрөт качан тартылганы белгисиз.

23:56 30.8.2020

Беларустагы акцияда жүздөн ашуун адам кармалды

Минскинин Эгемендик аянтынан жүздөн ашуун кишини полиция кармап кетти.

Минскиде жүздөн ашык адам кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

Жүрүштүн алдында Ички иштер министрлиги жарандарга уруксатсыз митингге чыкпоону эскертип, Минск полициясы журналисттерге акциянын катышуучуларынан 100 метр алыс болууну сунуш кылды.

29-августта беларус баш калаасынын борборуна 10 миңдей киши, негизинен аялдар жүрүшкө чыкты. Алар «Саша, кызматтан бошотулдуң!» - деп ураан чакырып жатышты.

Ал күнү Минскиде жана өлкөнүн башка аймактарында отуздай киши кармалды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG