Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:05
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

18:17 23.8.2020

Беларустун борбор калаасында түмөндөгөн адамдар чоң митингге чогулушту. Демонстранттар колдоруна ак түстөгү шарларды, “Кет!”, “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!” деп жазылган плакаттарды кармап алышкан.

18:38 23.8.2020

Минскинин борборуна түмөндөгөн адамдар чогулганы кабарланууда. «Наша нива» каналы Беларус баш калаасында жүз миңдеген адамдын чогулганын жазды. Ал эми оппозициячыл NEXTA чогулгандардын санын 100 миңге чейин деп кабарлап жатат. Ушундай эле маалымат менен "Еврорадио" да бөлүшүүдө. «Ачык медиа» басылмасы Эгемендик аянтына эл жык-жыйма толгонун, ал жакка болжол менен 200-300 миң адам батарын жазды.

18:51 23.8.2020

Беларуста өтүп жаткан митингде демонстранттар курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерип турушту. 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган митингдерде жалпысынан беш адам өлдү.

18:57 23.8.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG