Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

19:44 30.8.2020

“Тынчтык жана эгемендик жүрүшү” Беларустун Могилев, Гродно, Бобруйск жана башка шаарларында өтүп жатат. Минскидеги “Эгемендик” аянтынын тегерегин күч кызматкерлери темир кашаалар менен тосуп чыкты. Ушул сааттарга карата 100гө жакын адам кармалганы кабарланды.

Митингге чыккандар “Лукашенко, кет!”, “Саша, акыркы туулган күнүң менен!” - деп кыйкырып жатышат.

Бүгүн Александр Лукашенконун туулган күнү. 30-августта Беларустун президенти 66 жашка чыкты.

19:27 30.8.2020

Минскиде Александр Лукашенкого каршы нааразылык акциялары уланууда. «Тынчтык жана эгемендик жүрүшүнө” миңдеген адам чыкты. Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6да түшкөн маалыматка ылайык, 30га жакын адам камакка алынды.

17:34 30.8.2020

Минскиде президент Александр Лукашенкого каршы өтүп жаткан митингдин катышуучуларын күч кызматтары кармап кетүүдө. Бул тууралуу митингде жүргөн кабарчыбыз маалымдады. Мындан эки саат мурда Эгемендик аянты полициянын курчоосуна алынып, автозактар жана суу бүрккүч техника келген.

16:10 30.8.2020

Минск шаарынын чок ортосундагы Эгемендик аянты полициянын курчоосуна алынып, автозактар жана суу бүрккүч техника алып келинди. Аянтта бүгүн, 30-августта "Тынчтык жана эгемендик жүрүшү" болору кабарланган.

Эгемендик аянтында 9-августтан бери президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциялары токтобой уланууда.

Шайлоодо учурдагы президент Александр Лукашенко 80% ашуун добуш менен утуп чыкканы расмий кабарланган. Оппозиция буга каршы чыккан.

Өлкөнүн бир катар шаарларында жапырт нааразылык акциялары башталган. Полиция менен кагылыштарда жүздөгөн адамдар жабыркап, үч киши набыт болгону расмий кабарланган.

Кармалып, камакка алынгандар уруп-сабоого туш болушканын бошотулгандан кийин маалымдашкан.

АКШ, Британия, Швейцария жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн Минскидеги өкүлчүлүктөрү 29-августта бийликтин демонстранттарга күч колдонуусун сындап, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан. Билдирүүлөрдө кризистик кырдаалдан чыгуу тынч сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилүүсү тийиштиги белгиленген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG