«Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бир катар добушканалардан шайлоо бюллетендеринин жетишсиздиги тууралуу билдирүүлөр келип түштү», - деди «Беларусь-1» телеканалынын эфиринде БШКнын төрайымы Лидия Ермошина.
«Биздеги бир катар шайлоо участоктору аларга шайлоо бюллетендери жетпей жатканын кабарлашууда. Жалпысынан шайлоочулар мынча көп келет деп эч ким күткөн эмес», – деди Ермошина. «Бир шайлоо участокторунан башкаларына бюллетендер жеткирилип жатат», – деп кошумчалады БШКнын жетекчиси.
Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө Беларуста шайлоо аяктайт. Беларустун өзүндө да, чет өлкөлөрдө да добуш берүү үчүн келгендердин аягы көрүнбөйт. Көпчүлүк добушканаларда бюллетендер түгөнүп калганы кабарланууда.
Бүгүн Минскидеги шайлоо участокторунун биринде адамдар чак түштө табышмактуу окуяга күбө болушту: жашы өтүп калган, дене түзүлүшү деле анча чымыр эмес бир аял шайлоо участогу жайгашкан имараттын терезесинен өрт өчүрүүчүлөр үчүн жасалган бийик шатыдан түшүп келатты. Аялдын колунда кандайдыр өтө тыгыз шыкалган баштык бар эле. Дагы бир баштыкты анын артынан жип менен түшүрүп беришти.
9-августта Беларустун президентин шайлоодо добуш берүүгө умтулуп миңдеген адамдар кезекте турат.
Минскинин борбордук району, №2 шайлоо участогу: