Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:22
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

22:16 9.8.2020

Чехиянын ордо калаасы Прагадагы Беларус элчилигинде узун кезек пайда болду. Бир саатта 20дан ашпаган адам гана добуш берип жатат. Буга нааразы болгон адамдар петиция даярдап, кечки саат 8ден кийин да добуш берүүнү талап кылышты. Добушканалар саат 20:00дө жабылат.

21:47 9.8.2020

Оппозиция шайлоо бекеттеринде жапырт бурмалоолор орун алганын, алардын тарапкерлерин милиция кызматкерлери кармап кетип жатканын билдирүүдө.

Беларус бийлиги Минск шаарына он миңдеген аскер кызматкерлерин, оор техникаларды тартууда. Бийлик бул аракеттерин “күтүлүп жаткан башаламандыктын алдын алуу аракети” катары түшүндүрдү. Лукашенконун каршылаштары бийлик оппозициянын митингин таратуу үчүн аскерлерди даярдап жатканын ырастоодо.

21:36 9.8.2020

Беларуста да, чет өлкөлөрдө да шайлоо бекеттеринде добуш берүүнү каалагандардын узун кезеги пайда болду.

21:34 9.8.2020

Президенттикке талапкер Светлана Тихановская шайлоо таза өтөт деп үмүт кылат. Түштөн кийин Тихановская Чыгыш Минск кичи районундагы мектепте добуш берип чыккандан кийин буларды айтты:

“Мен шайлоо таза өтүшүн каалайм. Силер мугалимсиңер да, балдарыбызга билим бересиңер. Ооба, түшүнүп турам, кеп мугалимдерде эмес. Шайлоо таза өтсө экен дейм”.

Светлана Тихановская
Светлана Тихановская

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG