Президенттик шайлоого катышуу үчүн расмий каттоодон өтпөй калган Валерий Цепкалонун аялы Вероника Цепкало Беларустан чыгып кетти. Вероника Цепкало Москвадагы элчиликте добуш берет. Бул тууралуу талапкерлердин бири Светлана Тихановскаянын бириккен штабынан билдиришти.
Буга чейин Цепкало өлкөдөн чыгып кеткенин “Новости” жана “Интерфакс” агенттиктерине анын жакындары кабарлашкан.
“Биз Верониканын чечимин сыйлайбыз. Кырдаал оңой эмес. Ар бир адам тобокелчиликти өз алдынча баалоого укуктуу”, - деп билдирди Тихановскаянын штабы.
9-августта түштөн кийин Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Лидия Ермошина добушканага шайлоочулардын 54% келгенин жарыялады. Бул шайлоо өттү дегенди билдирет.
Анын айтымында, Минскиден башка бардык аймактарда катышуу көрсөткүчү 50% жогору. БШК төрайымы бул эсепти күн мурунтан башталган добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кошууда.
Ермошина Минскидеги шайлоо тилкелеринде кезек көбөйгөнүн, өз алдынча байкоочулардан арыздар түшүп жатканын белгиледи.
В Минске сотрудники в штатском задержали журналистов «Дождя» Владимира Роменского, Василия Полонского и оператора...
Опубликовано Anton Naumliuk Воскресенье, 9 августа 2020 г.