Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Кой-Таш окуясы боюнча камактагылар билдирүү таратты


Кой-Таш. 2019-жылдын август айы.
Кой-Таш. 2019-жылдын август айы.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына бир жыл болду. Бул күнү Атамбаевди жактаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жаткандардын атынан билдирүү таратты. Билдирүүдө 2019-жылдын 7-августунда Атамбаевдин тарапкерлеринин топтолушуна «Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) куралсыз адамдарга каршы ок аттырган бийлик» жооптуу экени, сот жабык өтүп жатканы бийлик «чындык жалпы коомчулукка белгилүү болуп кетет» деп коркорунун белгиси экени айтылды.

Билдирүүгө кол койгондор Кой-Таш окуясын «президент Сооронбай Жээнбековдун саясий оппоненттерин жок кылууга шарт түзгөн чагымы» деп баалашты.

Алар УКМКнын жетекчиси «Альфа» бөлүгүнүн жоокерлерин жаалданган топтун колуна салып бергенде аларды Атамбаевдин тарапкерлери аман алып калышканын, буга далилдер бар экенин, бирок тергөө айыптоо мүнөзүндө жүргүзүлгөнүн белгилешти.

Билдирүү Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолуп жаткан Фарид Ниязовдин, Равшан Жээнбековдун, Мээрбек Мискенбаевдин, Канат Сагымбаевдин, Асел Кодуранованын, Ирина Карамушкинанын, Кундуз Жолдубаеванын, Фархат Баабиевдин, Рыспек Карыпбек уулунун жана Канат Осмоналиевдин атынан жарыяланды.

2019-жылдын 7-8-августунда УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу суракка баруудан баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда «Альфанын» бир офицери курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Кийин бул окуянын иликтөө максатында коомдук комиссия түзүлгөн. Быйыл 3-февралда анын мүчөсү, адвокат Жамангул Жунусов комиссия бир жактуу иштегендиктен, анын курамынан чыгып кеткенин билдирген. Ал «Атамбаев мыйзамсыз кармалып турат, ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясына кийлигишүү менен кызматынан аша чаап, мыйзамсыз ишке барды» деп эсептей турганын айткан.

УКМК 5-февралда Жунусовдун айткандарын четке кагып, ал «коомчулукту адаштырууга, мамлекет жетекчилигинин жана укук коргоо органдарынын ишин каралоого, Кой-Таш окуясын тергөөнүн жыйынтыгын саясатташтырууга, Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын мыйзамсыз иштерин актоого аракет кылып жатат» деп билдирген. Атайын кызмат тергөө тобунун жетекчиси Эркебек Аширходжаевдин Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү тууралуу токтому мыйзамдуу болгонун жана президент Жээнбеков Конституция менен Жазык-процессуалдык кодексти одоно бузганы тууралуу маалымат чындыка дал келбей турганын белгилеген.

Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында, калгандары №1 тергөө изоляторунда отурат.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту жабык карап жатат. Азыр соттук акт менен таанышуу жараяны уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG