6-август күнү саат 19:30 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылынын четиндеги Жака-Өрүк участогунда талаада эгин сугарып жүргөн кыргызстандык жаранга белгисиз тараптан эки ок тийип, жарадар болду. Жарадар болгон жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен райондук администрациянын өкүлү билдирди. Анын айтымында, ок жергиликтүү тургундун эки жерине - желкесине жана жамбашына тийген. Абалы орточо оор деп бааланууда.
Мамлекеттик чек ара кызматы бул окуя учурда такталып жатканын, кырдаал көзөмөлдө экенин, кошумча маалымат берилерин кабарлады.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 6-августтун таңында курал колдонулган окуя катталган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны болжол менен мергенчилик мылтыктан атканын кабарлаган. Маалыматка караганда чек ара отрядынын кызматкери колунан жарадар болгон, дарыгерлер абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.
Ушул эле күнү Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги 6-августта таңга жуук Исфара аймагында ага лейтенант, Кыргызстандын «Көкташ» чек ара бекетинин башчысы Кабиров Шер ТОЗ-8 мергенчилик мылтыгынан атылган октон жарадар болгонун Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына шилтеме берип жазды. Маалыматта ошондой эле чек арадан бир чакырым алыс жерде Самониен айылынын тургуну Ваххобов Вохиддин бутуна ок тийип, каза болгону жазылган.
Бул окуяга байланыштуу кечке жуук Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согд облустарынын бийлик өкүлдөрү, чек ара жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жолугушкан. Ок атылган эки окуя боюнча тең иликтөө жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. (JsA/ZKo)