Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Орусияда Ош облустук ооруканасын курдурган ардагер дарыгер көз жумду


Виталий Сергеев. Архивдик сүрөт.
Виталий Сергеев. Архивдик сүрөт.

Ош облустук ооруканасын курдурган адис, Кыргызстандын Эмгек сиңирген дарыгери жана куруучусу, 26 жылдан бери Орусияда жашап келген Виталий Сергеев катуу оорудан кийин каза болду. 5-августта президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун жакындарына көңүл айтты:

«Дүйнөдөгү эң ардактуу жана керектүү кесипке өзүн арнаган, жүрөгү кенен, өтө талантуу жана колу алтын жердешибиз көз жумду. Виталий Прокопьевич Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон. Анын эмгегинин жана билиминин артынан эң жаңы ыкмалар жана технологиялар киргизилип, кыргызстандыктарга жүздөгөн татаал жана уникалдуу операциялар жасалды».

Мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланган маалыматта айтылгындай, саламаттык сактоонун мыкты уюштуруучусу, СССРдин элдик дарыгери жана Орусиянын эмгек сиңирген дарыгери деген ардактуу наамдарга татыган адис, Ош облустук клиникалык ооруканасынын мурдагы директору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Виталий Сергеев 2-августта 89 жаш курагында көз жумган.

Виталий Сергеев 1931-жылы тажик-ооган чектеш аймагында туулган. 1935-жылы үй-бүлөсү Фрунзе шаарына көчүп келип, орто мектепти жана Кыргыз медициналык институтун аяктаган.

Эмгек жолун 1955-жылы Өзгөндө айылдык хирург болуп баштаган. Кийин Өзгөн райондук ооруканасынын, 1964-жылы Ош облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери болуп дайындалган.

1976-жылы Виталий Сергеевдин демилгеси менен Ошто 800 орундуу көп тармактуу оорукананын жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилген. Ошол эле учурда жаштар үчүн 260 орундуу жатакана, 280 орундуу, бассейни бар бала бакча, 90 батирлүү үй, тиричилик үйү, ашкана, кафе, спортзал жана клуб курулган.

Облустук оорукананын базасында республикалык жана бүткүл союздук съезддер, жыйындар өткөрүлүп турган.

30 жылдык жетекчилик ишмердиги учурунда ал 1300 дарыгерди жана 21000 фелдшерди даярдап, алардын билимин өркүндөткөн, облустук оорукананын кызматкерлери тогуз диссертациялык иш жактаган.

Мамлекет Сергеевдин эмгектерин жогору баалап, бир катар сыйлыктарын ыйгарган. Ал Ош шаарынын ардактуу атуулу болчу жана анын урматына облустук оорукананын имаратына мемориалдык такта орнотулган. 2015-жылы саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча Сергеев атындагы кайрымдуулук фонду ачылган.

1994-жылдан бери Виталий Сергеев Орусиянын Калуга шаарына жакын жайгашкан Мстихино айылында жашап жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG